30-мартта Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев ЖМКларга кайрылды

30-мартта Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев ЖМКларга кайрылды

 

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык Мыйзамында “өзгөчө абал - ......жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана конституциялык түзүлүштү коргоо кызыкчылыктарында гана колдонулуучу......жарандардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын айрым укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле юридикалык жактардын укуктарын чектөөнү белгилөөгө жол берүүчү жана аларга кошумча милдеттерди жүктөөчү убактылуу чара”  экендиги так көрсөтүлгөн.

Күнүмдүк иш тартиби өзгөртүлүп, бул ЖМКлардын ишмердүүлүгүн да кыйгап өткөн жок. Мыйзам бардыгына, анын ичинде ЖМК өкүлдөрү үчүн да бирдей.

 

Алардын толук кандуу ишмердүүлүгүн камсыз кылуу жана ыӊгайлуулугу үчүн күн сайын онлайн режимде Республикалык штабдын жана жер-жерлердеги коменданттардын брифингдери өтүп, түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Бардык кызыктырган суроолорду WhatsApp номерине жиберсеӊиздер болот, биз журналисттердин жана коомчулук тарабынан берилген эӊ орчундуу жана курч суроолорго жооп берип жатабыз. Буга чейин өзгөчө абал учурунда журналисттерди аккредитациялоо маселесине токтолгон элем. Биз кырдаалды талдап чыктык. Журналисттердин өзүнүн саламаттыгынын коопсуздугу үчүн аккредитация бере албайбыз.

Ошондуктан сиздерден өзгөчө абалдын талаптарын аткарууну көптөн-көп суранып кетер элем. Башка өлкөлөрдүн үлгүсү көрсөткөндөй, ал жактарда дагы журналисттердин ишине болгон талаптарга өзгөртүүлөр киргизилген. Бүгүнкүдөй жаӊы технологиялардын доорунда дүйнө жүзүндө көпчүлүк адамдар аралыктан иштеп жатат.

 

Азыркы учурда интернет жана байланыштын башка каналдары аркылуу суроолорго ар кыл өӊүттөгү жоопторду алууга болот. Коронавирус инфекциясы – жалпы адамзат үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн дагы жаӊы чакырык. Аны менен күрөшүүдө биз бир муштумга биригип, саясий жана башка көз караштарыбызды четке жыйыштыра туруп, бул чакырыкка каршы биригишибиз керек.

 

Мындан улам журналисттерге Республикалык штаб, комендатуралар жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген так, даана маалыматтарды гана тараткыла деп кайрылат элем. Ийгиликтүү натыйжага жетүүнүн башкы шарттарынын бири мыйзам тарабынан аныкталган бекем тартипти жана эрежелерди сактоо болуп саналат. Сиздерди туура түшүнөт деп ишенем жана маалыматтык колдооӊуздарга ыраазычылык билдирем.

 

Булагы : COVID-19: Республикалык штаб

Бөлүшүү