Бишкек комендатурасы өзгөчө абал режиминде ММКлардын аккредитациясын баштады

 

20-апрель күнү комендатура өзгөчө абал шартында иштөөнү каалаган ММК өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрө баштаганын билдирди.

 

Ошол эле учурда өлкөбүздөгү эпидемологиялык кырдаалдын күчөгөн учурунан өтө элекпиз, жана да коронавирустук инфекцияга чалдыккан адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө.

 

 

Буга чейин маалым болгондой КРнын Президентинин Жарлыгы менен өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал киргизилип, кийин 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылган.

 

Ошондой эле, белгилүү болгондой эле Бишкек Коменданты өзгөчө абал учурунда ММКларга алардын коопсуздугу үчүн аккредитация берилбейт деп билдирген эле.

 

Өзгөчө абал режиминин кийрилиши менен медиакоомчулук Кыргызстан бийлигине кайрылуу жасаган, ал кайрылуусунда кызмат адамдары биринчи кезекте, өзгөчө абал режим шарттарында мыйзам чыгаруунун, ал эми бул учурда конституциялык мыйзамдын талаптарын милдетүү түрдө сакташы керек деп белгиленген.

 

"Мамлекет коомдук кызыкчылыктагы, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камтыган журналисттердин маалыматка эркин жеткилигин камсыздоо жана кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусунда аларды коргоо туурасындагы мыйзам тарабынан белгиленген кепилдигин сакташы керек."

 

 

Ошондой эле Медиа полиси институту «Жарандардын маалыматка жеткилиги жана сөз эркиндиги, ошондой эле журналисттердин жана ММКлардын Кыргызстандагы өзгөчө абал маалындагы конституциялык укуктарынын бузулгандыгы боюнча сереп» орус тилинде даярдаган.

 

ММКлардын көптөгөн редакторлору жана журналисттер социалдык тармактарда, интервьюларында медиа-ресурстар ишиндеги чектөөлөр контент сапатына таасирин тийгизип жаткандыгын, ал эми журналисттер пандемия маалында жөнөкөй жарандардын жашоосун чагылдыруусунда кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын билдирип жатышты.

 

 

Альтернативанын жоктугунда мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө таянууга туура келүүдө.

 

Кыргызстандын ММКларынын көпчүлүк кызматкерлери бүгүнкү күнү алыстатылган түрдө иштеп, эми алардын ашканасы, эс алуу бөлмөсү же өз үйүнүн кайсы-бир бурчу иш алып барган жумуш орунуна айланды.

 

Бирок өзгөчө абал режиминин учурунда алардын ишмердүүлүгүнө таасир тийгизген бул жалгыз гана чектөө эмес. Негизинен журналисттердин жарандардын жашоосун чагылдырып, алардын пикирин басып чыгаруусу үчүн эркин басуу мүмкүнчүлүктөрү жок болуп келет.

Бул туурасында кененирээк «Азаттык» сайтынан окууга болот

   

 

Ошондой эле биздин макалабызды орус тилинде караңыз

 

 

 

Аккредитация алууну каалаган ММКлар үчүн Бишкек комендатурасы тарабынан кийинки ченемдер киргизилүүдө:

 

- басма жана интернет-басылмалары, радиостанциялар үчүн эки уруксат кагазы (бейджик) жана автоунаага бир уруксат кагазы берилет;

 

- телерадиокомпанияларга үч уруксат кагазы (бейджик) жана автоунаага бир уруксат кагазы берилет.

 

ММКларга аккредитациядан өтүү үчүн кийинкилер керектелет:

 

- ММК редакциясынын расмий бланкында айдоочунун аты-жөнү, автоунаа маркасы жана мамлекеттик номуру жазылган катынын скан көчүрмөсү;

 

- документтерди Бишкек шаарынын комендатурасынын электрондук почтасына жөнөтүү керек (1312.tunduk.kg – порталы көрсөтүлгөн)

 

Комендатура уруксат кагаздары жалаң гана кызматтык максатта колдонулушу керек деп белгилейт. Ал эми уруксат кагаздарынын максаттуу эмес колдонууда бүтүн редакциянын аккредитациясын жокко чыгаруу маселеси каралмакчы.

 

Уруксат убактысы 06:00дөн 21:00гө чейин жана да комменданттык саатта аны колдонууга болбойт.

 


 

Биздин соцтармактарга азыр жазылыңыз:
Facebook
Twitter
Instagram
Telegram
Бөлүшүү