Журналисттерди коргоо боюнча комитети «3 канал» телекомпаниясына кол салууну кылдат иликтөөгө чакырды.

Кыргызстан бийлиги «Үчүнчү канал» телекомпаниясынын кеңсесине өрт коюулушун ыкчам жана кылдат иликтөөсү зарыл. Бул туурасында Журналисттерди коргоо боюнча комитети билдирди (CPJ).

 

Таласта «3-каналдын» кеңсеси өрттөлдү

 

Телеканал директору Жаннат Токтосунова CPJ-га алар АКШ Конгесси тарабынан каржыланган Radio Free Europe/Radio Liberty  программасын же кыргыз жана орус тилдериндеги «Азаттык» радиосун кайрадан трансляциялагандан кийин телеканал жакында бийлик өкүлдөрү тарабынан социалдык тармактарда “батыш баалуулуктарын” жайылтып жатат деп сынга алынгандыгын билдирди.

 

 

“Кыргыз бийлиги көз карандысыз телекомпанияга кол салып, өрт койгон тараптарды таап, аларды жоопко тартып, «3- канал»  журналисттеринин жана кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздашы керек,”-деп билдирди Европа жана Борбор Азия боюнча CPJ программа координатору Гульноза Саид. “Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары алардын ишине байланыштуу куугунтукка алынып же кол салууга дуушар болбошу керек”.

 

Токтосунова буга чейин бийлик аны жана телекомпаниянын башка журналисттерин чакырып, өз берүүлөрүнүн багытын өзгөртүүсүн сураган деп, бирок: “Биз көз карандысыз болгондуктан, дайым баш тартчубуз” – деп билдирди.

 

Ал жана аны менен биргеликте «3-канал»  телеканалын негиздеген жолдошу (Айбек Турдалиев) кыргыз өкмөтүн сынга алып, жакынкы өкмөткө каршы карышылык акцияларына катышкандыгын айтты.

 

Токтосунованын айтымында, анын жолдошу буга чейин дагы бир көз карандысыз Next TV телекөрсөтүү тармагын жана Next FM радиосун негиздеген. 

 

 

CPJ Кыргызстандын Ички иштер министрлигине жооп алуу максатында электрондук кат жөнөткөн. Сурам алынгандыгы туурасында тастыктама келип, бирок бул окуя боюнча укук коргоочу органдар тарабынан эч кандай жооп кайтарыла элек.

 Булагы: cpj.org

 

Бөлүшүү