Журналисттерди коргоо комитети КР бийлигин көз карандысыз ЖМКын айыптоосунан баш тартканы чакырды

Кулжа айынын 30а Бишкекте Zanoza.kg маалыматтык порталы боюнча үч соттук отурум өткөнүн билген Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети(CPJ) расмий жарыясы менен чыкты.

 

Кыргызстандын бийлиги көз карандысыз медияга карата – Zanoza.kg’нин уюмдаштыруучу «ПроМедиа» коомдук фондуна жана анын кошо-уюмдаштыруучу Нарын Айып(Идинов)ка каршы болгон бардык айптоолорун алып ташташы керек деген билдирүү менен CPJ(Журналисттерди коргоо комитети) чыкты. Жалган куран айынын(Март) 15е анын мүлкүнө(батир) тыую салынган, жана ошол эле айдын 14ө «ПроМедиа»нын банктагы эсептеринин каражаттары кармап алынды.

 

«”ПроМедиа” көз карандысыз медиауюмунан жана анын кошо-уюмдаштыруучусу Нарын Идиновдон КР баардык айптоолорун алып ташташ керек», - деп билдирүүдө айтылып жатат.

CPJ’нин билдирүүсүндө башкы прокурор «ПроМедиа» жана Нарын Идиновду Zanoza.kg сайтындагы 2015 жылдын Тогуздун айынан баштап 2017 жылдын жалган Куран айына чейин чыгарылган макалаларында президентти кемсинтүү максаты бар деп айптоо үчүн беш арыз берди деп белгиленип турат. Прокурорлор «ПроМедиа»дан 27 миллион сом (392 000 АКШ долларлары), анын ичинде да жеке Идиновдон 9 миллион сом моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн талап кылып жатышат.

Кулжа айынын 14ө сот «ПроМедиа»нын банктагы эсептерин кармап алуу деген чечимди кабыл алды, ошол эле айдын 15е болсо Идиновдон Бишкектеги батирин кармап алышкан. Нарын Айып кетпөө жөнүндө кол катын алган.

Европа жана Борбордук Азия жерлеринде CPJ программанын координатору Нина Огнянова бир маалымдоо уюмуна карата күнүнө үч башка-башка сот отурумдарын жүргүзүү бул аныкталган куугунтук жана кодулоо деп билдирди. ЖМКга карата куугунтук тез арада токтотулушу керек, анын кызматчыларына болсо кысымдан коркпой иштегени шарттарын түзүп берүү керек.

Огнянованын сөздөрү боюнча CPJ Кыргызстан бийлигин айыптоолорунан башын тартып, мүлктөрдү кармап алуудан бошотуп жана журналисттер жана укук коргоочуларга карата кетпөө кол каттары жокко чыгарылганын талап кылып жатат.

Маалым болгондой, Кулжа айынын (Июнь) 30а Zanoza.kg карата каршы 4 ар кандай сот отурумдары өттү. Бүгүн болсо, Теке айынын (Июль) 3ө Октябрдык райондук сотто бешинчи доомат сот процессинде уланууда.

Булак : cpj.org
Бөлүшүү