ЖМК арасында редакциялык алмашуу программасы боюнча конкурс

“Сорос - Кыргызстан” фондунун “ЖМКнын өнүгүүсү” программасы бишкектик редакцияларды редакциялык алмашуу программанын чектеринде кызматташууга чакырат.

Бул алмашуу үч регионалдык журналисттер үчүн эки айга(Теке айынын 15нен баштап Аяк Оона айынын 15е чейин, 2017 жыл) үйрөтүүчү аянтын жана менторларды(тарбиячыларды) сунуштайт. Бул кыска убакытта алар сүрөткө тартуу, материалдарды визуализациялоо, сайт менен иштөө, видео тартуу, SMM(Социалдык Медия Маркетинг) жана видеону редакторлоо жана ошолорго сыяктуу техникалык жагынан машыгышат.

Такшалманы өткөндөн кийин натыйжа катары журналисттер үйрөнүп алган машыгуулардын жардамы менен эң азында эки материалдарды чыгаруусу керек.

Конкурска катышуу үчүн сиздер бюджети 6 000 АКШ долларынан ашпаган коммерциялык сунушуңузду, журналист-стажерлор үчүн кыска окутуу программасын жана долбоорго тартылган менторлордун резюмелерин жибериңиз.

Стажерлордун техникалык машыгууларын жакшыртуу үчүн сунуштар кабыл алынат.

Журналист-стажерлор конкурстун негизинде тандалып алынышы керек.

Тандап алуучу коммисиянын мүчөсү фонддун эксперти же кызматчысы болушу шарт. Журналисттин Бишкектеги турган жайын жана аш-тамагын редакция төлөп берет.

Конкурска катышуу үчүн коммерциялык сунушту, кыска окутуу программасын жана менторлордун тизмегин төмөнкү дарек боюнча [email protected] 2017 жыл, Кулжа айынын 27е чейин “Конкурс для СМИ” деген белгиси менен жибериңиз.

Эгер суроолоруңуз пайда болсо, төмөнкү номерине чалыңыз.

0 (770) 18-34-93 (Айнагуль Абдрахманова).

Кабыл алынган билдирүүлөр рецензияланбайт жана кайра кайтарылбайт.

Булагы: soros.kg.

 
Бөлүшүү