Интерньюстун 2019-жылы ММК үчүн институционалдык грант сынагы

«Медиa-K» долбоору Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарына жана онлайн-редакцияларга институционалдык гранттар үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт

 

2018-жылы биз жети ММКларга колдоо көрсөттүк. Аларды биз негизги өнөктөш деп аталабыз жана алар менен иштөөнү улантып жатабыз.

2019-жылы биз дагы бешөөнү тандоону пландаштырып жатабыз.

 

Маанилүү! «Медиа-К» долбоорунун учурдагы негизги өнөктөштөрү жаңы сынакка катыша албайт.

Өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү – 17 октябрь 2018-ж. саат 16.00 (Бишкек убактысы).

  

Биз негизги өнөктөштөрдү эмнеге колдоп жатабыз?

Интерньюстун «Медиа-К» долбоору - бул жарнама, бизнес, медиарынокто бириктирүү, ТВ-өлчөмдөрүнүн жаңы системалары жана сапаттуу атамекендик контент.

 Биз Кыргыз Республикасында ММКнын эркин, чынчыл, кесипкөй, кызыктуу жана кирешелүү болушун каалайбыз. Дал ошондуктан биз жыл сайын жана даректүү түрдө биздин рынокто баштоочу боло ала турган бир канча ММК менен иштейбиз.

Институционалдык колдоо төмөндөгүлөргө жардам берет:

  • Комплекстүү баалоо жана стратегиялык планды иштеп чыгууга;
  • Өзүнүн контентинин сапатын жакшыртууга;
  • Жарнамадан түшкөн кирешени жогорулатууга;
  • Инновациялык форматтарды жана ачык маалыматтарды колдонуу менен санариптик контенттерди иштеп чыгарууга;

өзүнүн аудиториясын өлчөмүн аныктап билүүга жана чен жүргүзүүгө;

  • Каржылык башкарууну күчөтүүгө;
  • Техникалык жабдууларды модернизациялоого.

Гранттын суммасы–25 миңден 50 миңге чейин АКШ доллары.

Кандай ММК катыша алат:

  • жеке;
  • коомдук электрондук (теле/радио);
  • онлайн-медиа.

Өтүнмө берүү боюнча нускама

2018-жлдын 17 октябрында саат 16.00го чейин (Бишкек убактысы) өтүнмө формасын толтуруңуз.

Бул формага төмөндөгү документтер жана шилтемелер тиркелиши зарыл:

  1. Медианын бир жылдык өнүгүү планынын долбоору.
  2. Эң мыкты материалдарыңызга шилтемелер.
  3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Юридикалык жактын жана/же ММКнын каттоосу тууралуу күбөлүк.
  4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинден Жайгаштыруу үчүн уруксаты (телеканалдар үчүн).
  5. Бир жумага программалык сеткасы(телеканалдар үчүн).
  6. Негизги кызматкерлердин таржымалы.

Башкы өнөктөштөрдү тандоонун критерийлери:

  • «Мeдиa-К» тарабынан колдоо үчүн тармактарды белгилөө менен медианын өнүгүүсүнө болгон көз караш;
  • Кесипкөйлүк стандартарга жана журналисттик этикага болгон умтулуунун далилдери( мисалдарды материалдар менен кошуп жибергиле).
  • Медиауюмдун өнүгүү планын натыйжалуу ишке ашыра алган кесипкөй жана толук топтолгон команда;
  • Гранттын суммасынан 20-50 пайызына чейин жеткен өз акысын төлөөнүн даярдыгын көрсөтүү
  • Аудиторияны ченөөнүн электрондук системасына (пипл-метрлер) жылдык өз салымы – долбоорун ишке ашыруу мезгилинде гранттын суммасынын 10 пайызынан кем эмес (ТВга карата);
  • Сайттын болушу жана социалдык тармактарда болуу.

Потенциалдуу өтүнүүчүлөр үчүн маалыматтык жолугушуу 2018-жылы 3 октябрда, саат 10.00до Интерньюстун кеңседе төмөндөгү дареги боюнча өткөрүлөт:

Бишкек шаары, Ибраимов көчө, 115/1, «Асыл-Таш» бизнес-борбору, 11- кабат (кирүү Гоголь көч. тарабынан, Чуй пр. менен кесилишет).

Кошумча маалымат алуу үчүн +996 (312) 98-68-80 тел. же [email protected]. электрондук почта дареги боюнча Нарынбек Сариевке кайрылыңыз.

   
Бөлүшүү