Контенттик гранттар. «Аманат» балдар сериалы өндүрүшкө берилди

 

«Romb Media» компаниясы ролдорун 8ден 14 жашка чейин балдар аткарган кыргыз тилиндеги «Аманат» балдар сериалынын өндүрүшүнө киришти.

Долбоор балдар арасында прогрессивдүү идеяларды жана баалуулуктарды илгерилетүүгө максат койгон. Балдар чоңдордун - «Аманат» жомоктогу өлкө тургундарынын ролдорун аткарат.

 

Максат Болотбеков, продюсер:

«Бул долбоор балдардын өздөрү актер, алардын өздөрү көрүүчү болуп, балдар контенти түзүлгөнү менен кызык. Алар бардыгы кооз, бейкапар жана тургундары ынтымактуу жашаган «Аманат» жомок өлкөсүн көрүшмөкчү».

 

Анын айтымында, студиядагы съемкалар аяктап, постпродакшн жана компьютердик графика түзүү баскычы ишке кирди. Көрүүчүлөрдүн назарына “Баластан” балдар каналында көрсөтүлө турган 10 сериясы сунушталат деп пландаштырылууда.

Ар бир сериясы бир маанилүү социалдык маселени камтып, балдар оюну аркылуу актуалдуу көйгөйлөр бардык тургундары мыйзамга баш ийген, идеалдуу, үлгүлүү коомдо кантип чечиле тургандыгы көрсөтүлмөкчү. Балдар полиция кызматкерлерин, судьяларды, прокурорлорду, доктурларды, мугалимдерди ойношот. Алар үчүн костюмдар тигилип, студияда атайы декорациялар дайындалган.

Долбоорду турмушка жакындатуу максатында сценалардын бир бөлүгү компьютердик графиканын жардамы менен толукталмакчы.

 

Жаш актерлордун бири – Нурдан Кебеков № 13 мектепте 4-класста билим алат, роботехникага кызыгып, шахмат ойнойт. Ал тасманын съемкасына кастинг аркылуу өтүп, сериалда катышып жаткандыгына сүйүнөт, аны телевизор аркылуу качан көрсөтөт деп тынчсызданып күтүүдө.

 

 

Нурдан Кебеков:

“Бул жерде бардыгы жакшы, эң сонун деп да айтса болот! Биринчи ролум боюнча мен егермин – токой коргоочусумун, ал эми экинчи ролумда – мен банкирди ойнойм, ал паракор, прокурорлорго жана судьяларга пара берет,” – деп актер-окуучу өз сезимдери менен бөлүшүп келет.

 

Аталган долбоор КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн “Медиа-К” долбоорунун алкагында USAID гранттык колдоосу менен ишке ашты.

Бөлүшүү