Контенттик гранттар. Балдар үчүн телеспектаклдардын – жомоктордун өндүрүшү башталды
"Журналисттер" коомдук бирикмеси Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры менен биргеликте 10 телеспектаклдын – мектеп курагына чейинки балдар үчүн жомоктордун сьемкаларын ишке киргизди.
Бул долбоор КРдагы Интерньюстун гранттык колдоосу менен жеңүүчүлөрү өткөн жылы аныкталган идеялар сынагынын алкагында даярдалган.
Долбоор жетекчиси Марс Тулегенов билдиргендей:
Биз буюрса баштадык!
"Журналисттер" КБ Мамлекеттик М. Жангазиев атындагы куурчак театры менен биргеликте, Internews in Kyrgyzstan уюмунун колдоосунда даярдалган жомокторду тартып баштадык. Буюрса ишибиз оңунан чыгып, келечекте биздин балдарыбыз телеканалдардан куурчактардын аткаруусундагы жомокторго күбө боло алышат. Жомоктор мамлекеттик жана расмий тилинде болот. Негизги максат - жаш муунду, биздин жеткинчектерге таалим тарбияны терең берип, улууга урмат, кичүүгө ызат, карынын кебин капка сал деген уңгусу бар кептердин терең маанисин жеткирүүгө арналат. Азыр жаңы баштадык алдыда дагы кабарлап турабыз. Сценарийлер менен ишти аяктап калдык, ошол эле кезде тасмага түшүрүүнү дагы акырындык менен баштадык!
Видео: www.facebook.com
Куурчактын өзү баланын кабыл алуусуна жакын келет, бул оюнчук ага наристе убагынан бери таанымал болуп, андыктан ал анын жакын досу катары кабыл алынат. Ал эми анын буга чейин үнү жок, сөзү жок досу капыстан анын көзүнчө тирилип, окуяларды өзү айтып берип, ырдап, күлүп, ыйласа – бул көрүнүш ал үчүн чыныгы майрамга айланмакчы.
Мектепке чейинки жаш курагында баланын аны курчап турган чөйрөгө болгон мамилеси, мүнөзү, кызыгуулары калыптана баштайт. Так ушул жаш куракта балага достук, боорукерлик, калыстык, эмгекчилдиктин мисалдарын көрсөткөн пайдалуу келмекчи.
Куурчак театры – бул курама искусство, ал кичине көрөрманга бүтүн көркөм каражаттар топтому аркылуу таасир берет. Куурчак театрын көрсөтүүдө көркөм сөздүн өзү, көрсөтмө образ – куурчак, көркөм-кооздук жасалгалар да, музыка-ыр, музыкалык коштоо да колдонулуп келет.