"Азаттык" радиосунун кабарчысы БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча конферениясын чагылдыруу стипендиясына ээ болду.

Азаттык" радиосунун кабарчысы Бактыгүл Чыныбаева Internews Earth Journalism Network жана  Stanley Center for Peace and Security программасы боюнча климаттын өзгөрүүсүн чагылдырууга арналган стипендияга ээ болду.  

 

 

Жер Журналистика тармагы (EJN), Internews долбоору, Стэнли Тынчтык жана Коопсуздук Борбору БУУнун Климаттык өзгөрүү боюнча 26 -Конференциясын чагылдырууга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн Climate Change Media Partnership (CCMP) Климаттын өзгөрүүсү боюнча медиа өнөктөштүк программаларынын алкагында 20 журналистти тандап алышты.

 

 CCMP 2007 -жылдан бери БУУнун Климат боюнча жыл сайын өтүүчү саммитин чагылдыруу үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн 350дөн ашуун журналисттерге колдоо көрсөткөн. Ал эми EJN жана Стэнли борбору CCMP Стипендия Программасынын алкагында үчүнчү жолу биригишүүдө.

 

2021 стипендиаттары 4-12-ноябрь аралыгында  Шотландиянын Глазго калаасында өтө турган БУУнун COP26 конференциясына катышышат жана иш чараны чагылдырышат.   

 

Бул жылы конференцияга Гана, Кения, Индия, Бразилия, Украина, Кыргызстан, Тунис, Бангладеш, Индонезия, Малайзия, Пакистан, Филиппин жана Колумбиядан келген стипендиаттар катышат.

 

 
Чыныбаева Улуу Британиянын айрым басылмаларына Кыргызстандагы климаттык көйгөйлөр жөнүндө англис тилинде макалаларды жазып жүрөт, глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу боюнча мастер –класстардын катышуучусу.
 

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттык Өзгөрүү боюнча  COP26- Конференциясы бул жолу Улуу Британия тарабынан Италия менен өнөктөштүктө уюштурулууда, иш чара  2020 -жылы COVID -19 пандемиясына байланыштуу жылдырылган, бирок учурда бардык тараптардын түз катышуусу менен даярдалып жатат.

2021 CCMP Стипендия Программасын чагылдыра турган журналисттер глобалдык ачык сынак аркылуу тандалышкан, жалпысынан 400 журналисттен билдирүү түшкөн,  бул 2019 -жылдагы сынактык катышуучуларынан эки эсе көп.

 

Стипендиаттар EJNдин глобалдык тренерлер тармагы менен байланышта болгон,  климаттын өзгөрүшү боюнча дасыккан тажрыйбалуу журналисттерден колдоо жана кеңештерди алышат. Стипендиаттар ошондой эле Глобалдык конференцияда окуяларды сапаттуу чагылдыруу үчүн EJN жана Стэнли борбору тарабынан уюштурулган тааныштыруу  иш -чараларына, күнүмдүк брифингдерге, жогорку кызматтагы адамдар менен мектерге жана башка иш -чараларга катышышат.

 

"Бир жыл кечигүүдөн кийин, БУУнун конференциясында жүргүзүлө турган  сүйлөшүүлөр жана милдеттенмелердин маанилүүлүгү жогорулады", - дейт Стэнли борборунун журналистика жана медиапрограммалар бөлүмүнүн  кызматкери Девон Террилл. “Журналисттер бул маанилүү окуяларды чагылдыруу үчүн жана  өз өлкөлөрүнүн делегацияларынын  милдеттерди аткаргандыгы  боюнча отчетторду берүү үчүн ошол жерде болушу керек”.

 "Башка көптөгөн кесепеттердин катарында, пандемия журналисттерге климаттын өзгөрүүсүнүн күчөгөн таасири жана кризис менен күрөшүү аракеттерин чагылдырууга бир жылдан ашык убакыттан бери тоскоол болду", - деди EJNдин башкы директору Джеймс Фан. "Биз 15 өлкөдөн таланттуу журналисттердин тобун Глазгого келтирип, мындай маанилүү жолугушууну чагылдырып кетүүсүн уюштура алганыбызга кубанычтабыз".  

 

 
Интерньюс өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн журналисттери экологиялык көйгөйлөрдү эффективдүү чагылдырышы үчүн  мүмкүнчүлүк катары Earth Journalism Network -Жер Журналистика Тармагын түздү.  Бул 180 өлкөдөн 14000ге жакын мүчөсү бар глобалдык тармак. Экологиялык темаларды чагылдыруунун санын көбөйтүп сапатын  жогорулатуу үчүн Тармак семинарларды жана окуу материалдарын берип келет, экологиялык жаңылыктар боюнча инновациялык сайттарды иштеп чыгып, экологиялык көйгөйлөрдү чагылдыруу үчүн стипендияларды жана чакан гранттарды сунуштайт.
Жер Журналистика Тармагы (Earth Journalism Network)  дүйнө жүзү боюнча экологиялык журналисттердин тармагын түзүп  жана өнүктүрүп  жергиликтүү жаңылыктар программаларын, аны менен катар  иликтөө журналистикасындагы новаторлукту  колдоп келет.

 

   
Бөлүшүү