Кыргызстан АКШдан COVID-19 менен күрөшүүдө медицинага колдоо катары жардам алат

     

Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү КРдагы уланып жаткан COVID-19 пандемиясына каршы чараларды колдоо үчүн кошумча 195 миллион сомду ($2,5 миллион) бөлүп берүүсү туурасында жарыялады.

 

Бул туурасында Кыргыз Республикасындагы АКШ элчиси Дональд Лу жарандык жана бизнес-коомчулуктун сурамына болгон жооп катында билдирди.

 

Берилип жаткан финансылык жардам пакети медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөлдү, тестирлөөнү жана диагностиканы, ошондой эле коомчулукту коронавирустук инфекция маалындагы тобокелдиктер туурасында маалымдоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга жол бермекчи.

 

Бул артыкчылыктар менен практикалык чаралар КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана министрлер кабинети менен биргеликте тандалып, иштелип чыкты.

 

 

Жардам Abt Associates тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жерликтүү саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугу” аттуу USAID долбоорунун алкагында түшөт. 

 

Элчинин билдирүүсүндө белгиленгендей, Америка өкмөтү буга чейин Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алардын алдын алуу боюнча борбору (Center for Disease Control) аркылуу Кыргызстандын министрлер кабинетине жана элине COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүсүндө көмөк көрсөтүү үчүн олуттуу ресурстарды сунуштаган.   

 

USAID республикага $1 миллион 230 миңден ашуун каражатты өзгөчө жардам түрүндө кийинки максатта бөлүп берген:

 

  • лабораториялар жана диагностика мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө;
  • ооруларды дарылоо протоколдорун жакшыртууга;
  • калкты тобокелдиктер туурасында маалымдоо боюнча иштерди күчөтүүгө;
  • вирус туурасында жалган маалымдоо менен күрөшүүгө;
  • коомчулуктун катышуусун колдоого;
  • COVID-19-га эпидкөзөмөлдү бекемдөөгө.

 

Бул каражаттар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Кызыл жарым ай Эл аралык федерациясынын жана Abt Associates-тин учурдагы иштерин колдоп келет.

 

USAID КРнын портфелиндеги каражаттардын $1 миллиондон ашыгын вирустун адамдар ден соолугуна таасир берүү маселелерин чечүү боюнча кыйла максаттуу чаралары үчүн кайра багыттаган.

 

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана аларды алдын алуу боюнча борбору лабораториялык жабдууларга жана коронавирусту тестирлөө материалдарына, медкызматкерлерди окутууга, чек арадагы санитардык көзөмөл боюнча техникалык колдоого, ошондой эле практикага клиникалык протоколдорду кийрүү жана аларды иштеп чыгууга $1,38 миллионду багыттаган.   

 

COVID-19 пандемиясынын ден соолукка таасир этүү маселелерин түздөн түз чечүү боюнча иштеринен тышкары USAID пандемиянын экинчи кесепеттери менен күрөшүүсүндө кыргызстандыктарды колдоо максатында өзүнүн учурдагы долбоорлорун түзөп чыкты. Мисалга, билим берүү программалары учурда КРнын Билим берүү министрлигине алыстатылган окууну кийрүүгө колдоо көрсөтүүдө, ММКлар үчүн программасы экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болгон жергиликтүү медиаларды колдоп келүүдө.

 

Бизнести өнүктүрүү боюнча программалары кыргызстандык ишканаларга бет каптарды даярдоодо жардам берип, ал эми Жарандык коомду колдоо программасы калктын аярлуу катмарына, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардамын көбөйттү.

 

COVID-19-дун күчөгөн убагынан тартып Кошмо Штаттардын өкмөтү $1,5 миллиарддан ашуун каражатты дүйнө жүзү боюнча пандемия менен күрөшүүгө атайы арналган жардам түрүндө бөлүп берди.

Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн кошумча жардам – бул жарандык коомчулуктун алдыңкы уюмдарынын жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн АКШнын министрлер кабинетине COVID-19 бейтаптарын дарылоосу үчүн медициналык мекемелерге жана стационарларга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу суранычы менен болгон кайрылуусуна жооп болду.

 

Кайрылуунун толук текстин бул жерден көрүүгө болот.

 
Бөлүшүү