Интерньюс төкмө акындарды колдоо программасын баштады

Сүрөттө:  «Алтын комуз» Республикалык айтыштын баш байгесинин ээси төкмө акын Баян Акматов.  

Интерньюс фактчекингди, дата журналистиканы, журналисттик иликтөөлөрдү өнүктүрүүнү, ошондой эле социалдык маанилүү контентти түзүүнү колдойт жана медиа сабаттуулукту жайылтат.

2020-жылы #СИЛАГОЛОСА​ #ДОБУШТУНКҮЧҮ маалымат кампаниясынын алкагында медиа сабаттуулук боюнча видеосабактардын сериясы түзүлдү.

 
       

Бул жылы социалдык тармактарды мониторингтөөнүн негизинде троллинг ферма деген эмне, фейк аккаунтту кантип таануу жана киберкуугунтук менен эмне кылуу керектиги боюнча кыскача видео сабактар ​​чыгарылууда.

Биздин үзгүлтүксүз мониторингибиз көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында жек көрүү сөздөрүнүн, туура эмес маалыматтардын масштабы жана троллинг фермалардын коомдук талкууга тийгизген таасири абдан чоң. Ошондуктан биз медиа сабаттулукту калктын калың катмарына жеткирүүнүн түрдүү формаларын күчөтүүнү маанилүү деп эсептейбиз.

2022-жылы “Медиа-К” долбоору төкмө акындарды колдоо боюнча билим берүүчү контент программасын баштады.  Программа  акындар аркылуу коомчулуктун медиа сабаттуулугун жогорулатууга жана жаңы медиаларды өздөштүрүүгө багытталат. Программага ылайык акыныдарга окуутуулар жүргүзүлүп, эксперттик, техникалык жана контентти өндүрүү үчүн стипендиялык колдоо көрсөтүлөт.

 

Төкмө акындар байыртадан бери эле коомдук мааниге ээ баалуулуктарды  кеңири жайылтып, бийлик менен элди байланыштырып келген. Алар элди бириктирип, биздин аймактагы  абдан маанилүү миссияны  аткарып келишкен.

 

Кыргызстанда бул жанрды кеңири жайылтуу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар.

 
   

 

Программанын мөөнөтү: 2021-чи  жылдын декабрынан 2022 – жылдын августуна чейин.
   

Конкурска кантип катышса болот?

  1. Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан  төкмө акындар катыша алат.
  2. Сынакка катышуу үчүн  каттоо формасын  2021-жылдын 14-чү декабрына чейин толтуруу зарыл.
  3. Социалдык маанилүү темалардагы буга чейин даярдалган  ийгиликтүү контенттин шилтемесин көрсөтүү зарыл.   видео мазмуну боюнча бааланат. Техникалык сапаты эске алынбайт.
  1. Түрткү берүүчү кат.
 

Социалдык тармактарда медиа сабаттуулук боюнча даярдалган контентти жайылтуу боюнча өз көз карашыңыз жөнүндө кыска мотивациялык кат даярдоо керек (анын ичинде сиз медиа сабаттуулук темасына канчалык кызыкдар экениңизди жана контентинизди социалдык тармактардын кайсы платформалары аркылуу жайылтаарынызды кошо кетиңиз)

КАТТОО ФОРМАСЫ

Суроолор болсо "Медиа-К" долбоорунун  регионалдык журналистика боюнча координатору Максуда Айтиевага төмөндөгү электрондук дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: [email protected]

«ММКнын көз карандысыздыгын колдоо демилгеси» (Медиа-К) долбоору USAID тарабынан каржыланат жана Интерньюс Кыргызстан менен  FHI360 уюмунун өнөктөштүгүндө ишке ашырылат. Долбоор  жалпыга маалымдоо каражаттарынын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган, ошону менен бирге  жарандарды тең салмактуу, объективдүү  жана коомдогу көйгөйлөрдү чече алган, ошондой эле коомдун  кызыкчылыктарын көздөгөн маалыматтар менен камсыздоого өбөлгө түзөт .
   
Бөлүшүү