#MediaKyzdar 3 сезон. «Медиакыздар Академиясы» аймактардагы кыздарды бириктирет
Бул чыгарылышта IDEA Борбордук Азия долбоорунун Медиакыздар Академиясынын кыздары менен тааныштык. IDEA Борбордук Азия уюмунун медиакоординатору Камила Усманова «Медиакыздар Академиясы» долбоорунун жыйынтыгы тууралуу айтып, «Баткенге кат» демилгесинин окуяларын баса белгиледи.
Баткенден Курсанай Азимова жана Таластан Мээрим Алымбаева Бишкекке келип, ишкерликти үйрөнүп, ошондой эле өз идеяларын чоң иш-чарада тартуулашты. Бүгүнкү күндө аймактарда кайсы каналдар популярдуу болуп жатканын, жаңы медиа кыздарга кандай жардам берери жөнүндө бул эпизоддо кеп кылдык. Ошондой эле, кыздар өздөрүнүн жеке окуялары жана жетишкендиктери менен бөлүшүп, медиа адамдардын жашоосуна кандай таасир эткенин, кайсы темалар аймактарда актуалдуу болуп жатканын айтып, максаттарын да жарыялашты.
Долбоордун алкагында ар кандай темадагы бир катар онлайн курстарды камтыган билим берүү порталы түзүлдү, анын ичинде контентти жаратуу темасы да болгон (https://coursive.id/ru/). Кыргызстандын бардык аймактарынан 14-65 жаштагы 250дөн ашык кыз-аялдар онлайн курстарды аяктады.
Подскаттын шилтемеси: https://podcasters.spotify.com/pod/show/tynymgul/episodes/3-e227o6l