“Медиакыздар” подкасты – Кайыргүл Урумканова

“Медиакыздар” – медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө подкаст. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баарлашуу.

 

Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКларды аялдарсыз элестете албайбыз. Алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.

 

“Медиакыздар” подкастынын биринчи сезонунда жергиликтүү журналистиканын кыргыз тилдүү сегментинде иштеген белгилүү айымдар менен таанышасыз.

 

Подкасттын бешинчи чыгарылышынын коногу – журналист Кайыргүл Урумканова.

 

 

Кайыргүл Урумканова – журналистикадагы жолун Караколдогу “Экологиялык жаштар телевидениесине” (ЭЖТВ) каналынан баштаган. Кийин “Пирамида” телекомпаниясында кабарчы, НТС телеканалында атайын кабарчы, “Бешинчи канал” компаниясында автордук программалардын алып баруучусу болуп иштеген.

 

 

Улуттук телерадиоберүү корпорациясын башкы директору, КирТАГ сайтын башкы директору, “Сентябрь” (кийинки аталышы “Жалбырак”) телеканалын жетекчиси катары башкарып келген. Азыркы учурда өзүнүн “Govori TV” медиа долбоорун ачып, ушу күнгө чейин каналдын башкы директору болуп иштеп келатат.

 

 

Кайыргүл Урумканова: “Журналистика элге иштеши керек” подкасттын шилтемеси.

 

 

Подкаст “Азаттык радиосунун студиясында жазылды жана Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында жарыяланды.

Монтаж жасаган: Санжар Эралиев.

Мукабаны даярдаган: Марлис Эсенакунов. 

Сүрөттүн автору: Алена Жук.

Подкасттын автору жана алып баруучусу: Тынымгүл Эшиева, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин окутуучусу. Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучусу.

Бөлүшүү