Кыргызстан медиауюмдары ММКларга кол салуулар туурасында тынчсызданууда

Кыргызстан медиауюмдары ар кыл саясий күчтөрдүн жактоочулары тарабынан өлкөдө орун алып жаткан окуяларды чагылдыруу боюнча өз кесиптик ишмердүүлүгүн аткарып жаткан журналисттер менен ММК редакцияларына карата болгон кол салуу жана коркутуу фактылары туурасында тынчсызданууда.

2020-жылдын 9-октябрында Өкмөт үйүнүн жанынан саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын митингин чагылдырып жатканда «Азаттык Медиа» корреспонденди митинг катышуучулары тарабынан коркутууга дуушар болгон, катышуучулардын айтымында редакция митингди туура эмес чагылдырып жаткан. Коркуткан адамдардын бири «Азаттык» кеңсесине бара тургандыгын билдирип, корреспонденттин аянттан кетишин талап кылган. Журналисттин айтымында, анын колунан тартып, бутуна тебишкен. Жеке коопсуздугу үчүн корреспондент берүүсүн токтотуп, аянттан кетүүгө мажбур болгон. 

Ар кыл булактардан бир катар ММК кеңселерине кол салуу пландаштырылып жаткандыгы туурасында көптөгөн маалымат келгендиктен, «Азаттык Медиа», «24.kg» МА, «Sputnik Кыргызстан» жана Kaktus.media редакциялары элдик сакчылар кошуунуна алардын кеңсе сактыгын камсыздап берүүлөрү үчүн кайрылышкан. Укук коргоо органдары тарабынан коопсуздукту камсыздоо мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, аталган редакциялардын кеңселерин ыктыярчы кошуун коргогон.

Ошондой эле 9-октябрь күнү митингди чагылдыруу маалында Бишкектин эски аянтында «7 канал» корреспондет айымына белгисиз аялдар асылышкан.  

10-октябрь күнү күндүзү 25-30 адам тобу «Sputnik Кыргызстан» реакциясынын кеңсесине келип, күч колдонобуз деп коркутушуп, Садыр Жапаровду колдоо максатындагы митингди чагылдыруу үчүн корреспондентти токтоосуз жөнөткүлө деп талап кылышкан. Редакциянын айтымында,  эркек адамдар тобу « Sputnik редакциясына 30 мүнөт убакыт беребиз», антпеген учурда эшикти сындырып, баарын талкалап, күзөтчүсүнүн сазайын беребиз деп билдиришкен. Ушул сыяктуу эле коркутууларды Өкмөт үйүнүн жанындагы Эски аянттагы Садыр Жапаровду колдоо максатындагы митинг катышуучулары да айтып чыгышкан. Митинг катышуучулары окуяларды чагылдырып жаткан «Азаттык Медиа», Kaktus.media, «Sputnik Кыргызстан» МА жана «Лимон» пабликтери, ОМКС, «Маалымат», «Беспредел» сыяктуу ММКларга нааразычылыгын билдиришкен.  

10-октябрь күнү Кой-Таштан алыс эмес блокпостто аскер кызматкерлери чет өлкөлүк журналисттердин ишине жолтоо кылышкан деп билдирди Kaktus.media редакциясы. Материалга ылайык, аскер кызматкерлери РИА Новости, ТАСС, Associated Press ж. б. өкүлдөрүнө блокпосттон съемка жүргүзүүгө жол беришкен эмес.

Эгемендүү Кыргызстан тарыхында журналисттердин, өзгөчө каршылык акцияларын чагылдыруу  ишинин маанилүүгү экендиги көп ирет далилденди. 2005, 2010-жылдардагы окуялар учурунда так көз карандысыз ММКлар журналисттери ал күндөрдөгү окуяларды чагылдырып, маалымат тартыштыгы менен күрөшүп келишкен.

Бүгүнкү күндөгү журналисттер менен ММК редакцияларына күч алган кол салуулар КРнын Конституциясынын 31, 33-беренелери менен кепилденген басма эркиндигине жана маалыматка жеткилик эркиндигине келтирилген олуттуу коркунучту далилдеп келет.  

 

Биз бийликти журналисттерге күч колдонуу жана психологиялык басым жасабаган  коопсуз шарттарда иш алып баруу мүмкүнчүлүгү менен камсыздап беришине чакырабыз.

Бул жарандардын кызыкчылыктарын козгогон маанилүү коомдук маселелер туурасында калкты такай маалымдоо үчүн маанилүү келет. Мамлекет эл аралык милдеттенмелерге жана улуттук мыйзамдарга ылайык сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин иши үчүн шарттарды түзүү боюнча өз милдеттенмелерин сөзсүз аткарышы зарыл.   

Биз өз кесиптик ишин аткарып, бүтүн өлкөнүн жарандарын маалыматка жеткилик менен камсыздап жаткан журналисттерге карата жогоруда көрсөтүлгөн коркутуу фактыларына бийликтин тиешелүү түрдө жооп кайтарышына чакырабыз.

 

Медиа полиси институту

Көз карандысыз журналисттер биримдиги

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү

Эшиева Тынымгүл

Динара Суймалиева

Тамара Валиева

Авланбек Жумабаев

«Журналисттер» КБ

Кактус.медиа

Иликтөөчү журналистика фонду

"24.kg" МА

 

 

Бөлүшүү