Медиакоомчулук өзгөчө абал учурунда ММКлардын укугун коргоо боюнча арызы менен чыкты

 

Кыргызстандын медиакоомчулугу ММКлардын өзгөчө абал учурунда маалыматка жеткилик укугун чектөө туурасындагы Бишкек комендантынын чечимине байланыштуу өлкөнүн президентине, өкмөтүнө жана парламентине кайрылуу жасады.

 

Кайрылуунун толук тексти:

 

Бүткүл дүйнө жүзү сыяктуу эле, Кыргызстан да буга чейин болуп көрбөгөн өзгөчө кырдаалга туш болду.

 

Биз, Кыргызстандын медиакоомчулугу, өлкөгө киргизилген өзгөчө абалдын орундуулугун түшүнүп турабыз. Бирок болуп жаткандар туурасында чындыкты айтып чыгып, жарандардын маалыматка жеткилигин камсыздоо сыяктуу өз миссиябызга таянып, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюу аракеттеринин алкагында кабыл алынган айрым чечимдер туурасында кыйла тынчсыздануубузду билдиребиз.

 

Назарыңыздарды КРнын “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 9-пунктунда белгиленгендерди коменданттын укугу гана эмес, журналисттерди аккредитациялоо тартибин орнотуу милдети да катары караштыруу керектигине бурабыз. “Өзгөчө абал жөнүндө” конституциялык Мыйзамында журналисттерди аккредитациялоодон баш тартуусу каралбагандыктан, тиешелүү түрдө коменданттын мындай чечими мыйзам ченемдерине жооп бербей келет. Кызмат адамдары, биринчи кезекте, өзгөчө абал режим шарттарында мыйзам чыгаруунун, ал эми бул учурда конституциялык мыйзамдын талаптарын милдетүү түрдө сакташы абзел.

 

Мамлекет коомдук кызыкчылыктагы, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камтыган журналисттердин маалыматка эркин жеткилигин камсыздоо жана кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруусунда аларды коргоо туурасындагы мыйзам тарабынан белгиленген кепилдигин сакташы керек.

 

Эскертип кетчү нерсе: коомчулук мамлекетке ишеним арттырып, ал кабыл алган чечимдерди кабыл алуусу үчүн ал чечимдер ачык-айкын болушу зарыл. Бул үмүттөрдү акташ үчүн өлкөдөгү өзгөчө абал шарттарында журналисттер өз иретинде коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө кабыл алынып жаткан чаралар жана болуп жаткан окуялар туурасында коомчулукту ыкчам жана анык маалымат менен камсыздоосу үчүн ММКларга маалыматка жеткилик берүү өтө маанилүү.

 

Коомчулук ден соолугун коргоо максатында өз конституциялык укуктарын жана эркиндигин убактылуу берип жатып, бул өзгөчө абал алкагында кабыл алынган чечимдерди түшүнүп, аларды колдоосу абдан маанилүү келет.

 

Ошондуктан коомчулукту текшерилген, далилдерге таянган жана такай жаңыланып турган, анын ичинде бийлик чечимдери туурасындагы, маалымат менен камсыздоодо ММКлардын ролу абдан маанилүү.

 

 

Коронавирус пандемиясы – бул Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн өзгөчө кырдаал. Буга байланыштуу көптөгөн кабыл алынып жаткан чечимдер түшүнүксүз, ката, орунсуз болушу мүмкүн.

 

Өзгөчө абал киргизилгенден тартып биз муну так байкай алдык. Бул кырдаалда мамлекет жетиштүү тажрыйбасынын жоктугунда өз кемчиликтери менен каталарын ийкем жол менен жөндөөсү зарыл.

 

Бул жол менен коомчулук өзүнүн жаңы убактылуу эрежелерин колдоп, аткара турган жагдайын камсыздоого болмокчу. Жана да ММКлардын мындагы салымын четке кагууга болбойт, так журналисттер кабыл алынып жаткан чечимдер туурасында коомчулукту маалымдап, мамлекеттин калк менен кайтарым байланышын камсыздап келет.

 

ММКлардын дагы бир маанилүү ролу – ушак-айыңдардын жана жалган маалыматтарын жайылышынын алдын алуу. Биз ар бир жарандын колунда телефону болуп, интернетке жеткилик менен камсыздалган 21 кылымда жашап келебиз. Ар бир адам маалымат жайылтып келет, анын ичинде текшерилбеген жана жалган маалымат. Бирок бул бардык учурда эле кара ниеттиктен жасала бербейт. Көпчүлүк учурда адамдар кооптонуп, аларга анык маалымат жетишпей келет. Бул жагдайда ММКлардын, кесипкөй журналисттердин ролун ашыра баалоого болбос.

 

Медиакоомчулуктун иш алып баруусу үчүн аны тиешелүү шарттар менен камсыздоонун ордуна биз барган сайын күчөп жаткан чектөөлөргө дуушар болуп келебиз.

 

Журналисттер пресс-катчыларга жана чечим кабыл алган адамдарга чала албай, алар өз иретинде сурамдарга жооп кайтарбай келишет. Суроо берүүгө жол берген пресс-конференциялардын ордуна брифингдер өткөрүлүп, ал жерлерде суроо берүү башынан каралган эмес.

 

Биринчи пресс-конференция бүгүн, 30-мартта гана уюштурулду, алар такай жана ММКлар суроо бергиси келген адамдардын катышуусу менен болоору белгисиз. Ошентип, коомчулук бир беттүү – Республикалык штабга жана мамлекеттик органдарга гана керектүү маалыматка ээ болуп келет.

 

21-кылымда, жана да пандемия шарттарында, тескерисинче, маалыматты бир гана мамлекеттик каналдар аркылуу жеткирип чектелбестен, маалымат жайылтуунун ар бир каналы, мейли телекөрсөтүү, радио, басма же онлайн-басылма, социалдык тармактардын инфлюенстери же WhatsApp таратуулары аркылуу болсун, ар бир аудиторияга жеткирүүгө умтулуу зарыл.

 

ММКлардын пандемия менен күрөшүүдө мамлекетке жардам көрсөтүүсү үчүн социалдык тармактар жыш толгон жарандардын суроолорун берүүгө укугу болушу керек.

 

Өз тарабыбыздан биз – Кыргызстан медиакоомчулугу, кийинкилерге умтулууга сөз беребиз:

 

  • маалыматтын тактыгы жана аныктыгы принцибин карманып, маалыматты комендатурада тактап, кайра текшерүүгө.
  • өзгөчө абал режиминде ар дайым жаныбызга паспорт жана кызматтык күбөлүгүбүздү ала жүрүүгө.
  • так жана объективдүү маалымат бере алган тиешелүү билимге жана маалыматка ээ жетик адистерге гана кайрылууга.
  • дайыма жаныбызда жеке коргонуу каражаттарын (медициналык маска, бахила) ала жүрүүгө.
  • фактылар туурасында сөздү өз пикирибизден айырмалай билүүгө.
  • өзгөчө абал режимин камсыздоого тартылган укук коргоочу органдарынын кызматкерлеринин талаптарын милдетүү түрдө аткарууга.

 

 

 

 

 

Медиа полиси институту,

КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгү,

«Сорос – Кыргызстан» фонду,

Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер биримдиги

«Журналисты» КБ,

«Центр Медиа развития» КФ,

 Журналисттик иликтөөлөр Фонду

«Медиа Консалт» фонду

«Кактус.медиа»

24.kg

«Азаттык Медиа»

«Апрель» телеканалы

Кыргызстандагы "Комсомальская правда"

politmer.kg

bulak.kg

Тынымгул Эшиева, 

Авланбек Жумабаев

Тамара Валиева,

Марат Токоев

Чынар Капарова

Елена Воронина 
Нургуль Шаршембиева, 
 
Софья Балакина,
 
Аскер Сакыбаева,
 
Толкун Наматбаева,
Алтынай Арстанбекова,
 
IWPR Central Asia,
 
Игорь Шестаков,
 
Семетей Аманбеков, Elgezit.kg
 
Булат Сатаркулов.
 
 

 

 

Бөлүшүү