Бишкекте World Press Photo 2018 эл аралык фото көргөзмө өтүп жатат

2018-жылдын   11- январынан  24 -январына чейин  World Press Photo 2018  эл аралык фото көргөзмө өтүп жатат.

 

World Press Photo   -  Амстердамда (Нидерланды Королдугу) 1955 - жылдан бери дүйнөнүн профессионалдык фотосүрөтчүлөрү үчүн өткөрүлүп келе жаткан карандысыз сынагы.

 

2018 жылкы сынакта "айлана чөйрө","негизги жаңылык", "спорт", "жаратылыш","заманбап көйгөйлөр" жана "эл" категориялары боюнча фотожурналисттердин иштер жеңишке жетишти.

Венесуэлалык фотосүрөтчү Роналдо Шемидттин Каракастагы өкмөткө каршы нааразычылык акциясындагы отко күйгөн адамдын фотосүрөтү негизги байгени алды.

 

Жыл сайын өтүүчү World Press Photo сынагы Медиа Полиси Институтунун директору бегайым Усенованын айтымында мыкты визуалдык журналистиканы өзүнө тартат. Сынакта жеңген сейрек кездешүүчү фотосүрөттөрдөнтурган көчмө көргөзмө дүйнө жүзүн кыдырып, эми Бишкекке келди.

Усенованын айтымында "Бул фотосүрөттөр, дүйнөнүн өткөнжылдагы болгон окуялары тууралуу кайрадан эстетип, бизди сездентүүчү,чочутуучу,таңкалтыруучу, ойлондуруучу сезимдерди жаратат. Биз бул көргөзмөнүн Кыргызстанга келиши менен бирге, фотосүрөт менен кызыккан бардык адамдардын тажрыйбасы жогорулап, жаңы маалымат алуусуна шарт түзүлгөндүгүнө абдан кубануудабыз. Жашоонун өзгқрүшүнө жана технологиялардын алмашынына карабастан, адамдардын айлана чөйрөнү көрүүсү менен өздөрүн эркин сезүүсү өзгөрбөйт".

 

World Press Photo сыйлыгы көп жылдан бери фотожурналистиканын жана фотодокументалистиканын жогорку стандартта болушуна көмөктөшүп келет.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары: World Press Photo,  Кыргызстандагы Нидерланд элчилиги, Борбор Азиядагы Америка университети, Медиа Полис Институту.

 

Фотокөргөзмө Борбор Азиядагы Америка Университетинин имаратында саат 9.00дон баштап  18.00го чейин өтөт. Кирүү акысыз. (18+) 

 
Бөлүшүү