Онлайн-чөйрөдө кастык тилине мониторинг жүргүзүү жана аны талдоо улантылууда

 

ЖМК коомго онлайн-чөйрөдө жакшыраак багыт алуусуна жардам бериши керек. Бүгүнкү күндөгү орун алган жек көрүү риторикасы, троллинг жана жалган маалымат шарттарында так ишеничтүү булактарды аныктай билүү, сапаттуу маалыматты жана фактыларды жалган маалыматтардан ажырата алуу, объективдүү журналисттик иликтөөнү жүргүзө билүү абзел.

 

Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби  Кыргызстандагы Интерньюстун АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Медиа-К» долбоорунун колдоосунда жана кастык тилине улантылып жаткан мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун алкагында онлайн чөйрөдөгү кептик агрессиянын учурларын документтештирүүдө.

Ачык мейкиндиктеги кастык тилинин динамикасы анын өтө жогорку деңгээлде калгандыгын көрсөтүүдө.

Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүнө карата алынган жыйынтыктар, мониторинг жасалган контенттин  дээрлик үчтөн биринин ар кандай формадагы жек көрүүчүлүк сөздөрүн камтыгандыгын көрсөттү. Бул айрыкча КРнын Конституциясын өзгөртүү боюнча өткөн референдуму, 2021-жылда өткөрүлгөн жергиликтүү жана мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо туурасында онлайн-талкууларда өзгөчө байкалды.

Сабырсыздыктын жана бурмаланган маалыматтардын толкуну 2021-жылдын апрелинин акыркы күндөрүндө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө кабарлар пайда болуп, күчөгөндө да аныкталды.

COVID пандемиясы маалындагы кризистен улам күч алган Кыргызстандагы мазмундуу коомдук-саясий күн тартиби журналисттерди жана интернет колдонуучуларды өз пикирлерин жигердүү билдирүүгө түртүүдө. Бирок бул маалыматтык таштандылар, текшерилбеген маалыматтар жана атайын бурмалоолор менен коштолууда.

Ушундан улам, эксперттер социалдык тармактардагы аныкталган жана жасалма аккаунттардан тараган кастык тили, троллинг жана дайыма эле ишенимдүү боло бербеген билдирүүлөрдүн ортосундагы корреляцияны катташкан. Үзгүлтүксүз маалымат агымы, кептик агрессия, дезинформация  аудиториянын арасында эмнеге ишениш керек деген суроону курч коюуда.

Ошондуктан, ал маалымат фактылары жана алардын жайылыш масштабы, маалыматты бурмалоо процессинин башкы катышуучу адамдары жана алардын максаттары жөнүндө журналисттик иликтөөлөр өтө зарыл.

Фейк аккаунттар жана алардын Кыргыз саясатчылары менен болгон байланышы

 

Бул жерде туура маалыматты коргоо жана жайылтуу үчүн контент түзүү жана жайылтуунун жаңы жолдорун пайдаланган ЖМК башкы ролду ойношу керек. Аудиторияны маалыматты сын көз менен баалоосуна үндөп, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, медиа сабаттуулугун жакшыртуусун колдогон ЖМК.

Пикирин эркин билдирүү укугун сактап, аны коргоо зарылдыгы жөнүндө өкмөттөрдүн жана коомчулуктун маалым болушун жогорулатуу максатын көздөгөн Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү журналисттерге жана Интернеттеги контент жаратуучуларга жогорку стандарттарды жана этиканы сактоонун маанилүүлүгүн көрсөтөт. Бул маалыматтык экологияны жакшыртууга жана кастык тили менен жалган билдирүүлөргө жооп кайтаруунун узак мөөнөттүү чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

 
Уюм жөнүндө.
Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби - бул ЖМКны, коомдук мамилелерди өнүктүрүү, сөз эркиндигин жайылтуу, ЖМКлардагы кастык тилине жана басмырлоого каршы күрөшүү боюнча уюм. Уюм медиа-изилдөөлөргө жана онлайн-контентти экспертизалоого, ЖМКда, интернетте жана ачык дискурста  кастык тилин иликтөөгө, сезимтал тематикага кампанияларды уюштурууга, журналисттерге жана онлайн контентти уюштуруучуларга, укук коргоочуларга, анын ичинде талаш-тартыш бар аймактарда тренингдерди уюштурууга адистешкен. Борбордук Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби 2011-жылдан бери ар кайсы тармактардагы кастык тилине мониторинг жана изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 24 доклад жана сунуштардын пакетин иштеп чыккан.
Бөлүшүү