КТРК Руслан Акундун "Акыркы сабак" жаштар үчүн арналган сериалын көрсөтүүнү улантууда

 

"Акыркы сабак"сериалынын премьерасы алгачкы күндөн тартып көрүүчүлөрдүн оң пикирлерин жаратты. Тасма Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн социалдык маанилүү контент үчүн гранттык колдоо долбоорунун алкагында тартылган.

"Акыркы сабак" бул мектеп окуучулары, алардын кыялдары, максаттары жана башынан өткөргөн окуялар тууралуу  сериал.

Тасмада азыркы мектеп окуучуларынын социалдык көйгөйлөрү: рэкетчилик, чоңдор менен болгон мамилеси, билими, оң жана терс үлгүдөгү каармандардын ролдору чагылдырылган.

Сериалдын жаратуучулары эмоционалдуу баяндын жана кызыктуу сюжеттин жардамы менен Кыргызстандын жаштарын өз алдынча билим алууга, бири-бирин сыйлоого умтулууга, алдыга чечкиндүү максаттарды коюуга жана ага жетүүгө шыктандыргысы келет.

Идеянын автору "Салам, Нью-Йорк!", "Офлайн каникул", "Апамды издейм", "Көк-бөрү"сыяктуу тасмалардын режиссеру жана продюсери, Түштүк-Калифорния университетинин (USC) кинематографиялык искусство мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын тасмалары бир нече жолу кыргыз жана чет элдик кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон.

 Руслан Акун сериалдын телеэкранга чыгаар алдында берген маегинде:

- Сериал каармандарды ачып берүүгө жана окуяны так айтууга, каармандардын кандай өзгөрүп жатканын ачык көрсөтүүгө мынчалык эркиндик жана мүмкүнчүлүк берет деп күткөн эмесмин. Бул жагынан сериал бир эле тасма тарткандан алда канча жакшы. Мага ушундай узун окуяны тартуу жакты”,- деп белгилеген.

 

Кененирээк видеодон көрүңүздөр:

 

 

 

 

 

Руслан Акун сериалга жазылган музыканын жана ырлардын автору Мурат Исаковду тааныштырды.

 

 

 

 

 

 

Башкы ролду аткаруучу Кутман Айылчиев көп сериялуу фильмди тартууга катышканы,  өзүнүн таасирлери жөнүндө төмөндөгү видеодо айтып берет.

 

 

 

 

 

Дагы бир башкы антагонист ролдун аткаруучусу Чыңгыз Калыбек уулу ушунча эмгек жумшалган сериал чындап эле көрүүчүлөрдүн купулуна толооруна ишенеерин белгиледи.

 
  Сериалды Youtube - каналда Bairak group  таба аласыздар.
 
биринчи серия  
       
Бөлүшүү