КТРКнын жетекчиси алмашты

КТРКнын башкы директору Бахтияр Алиев башкы директорлук кызматынан алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине байкоочу кеңештин өкүлү Жылдызбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, Бахтияр Алиев өз калоосу менен арыз жазган.

«Анын отставкасы кабыл алынды. Башкы директордун милдетин аткарууга Кайрат Иманалиев дайындалды», — дейт Жылдызбек Керимбаев.

 

Кайрат Иманалиев буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп иштеп, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө иштен бошотулган.

булак: 24.kg
Бөлүшүү