КТРКнын Байкоочу Кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңеши Кубат Болоткановду төрага катары шайлады.

 

2020-жылдын февраль айынан тартып Байкоочу Кеңешти төкмө акын Азамат Болгонбаев жетектеп келген.

 

5-ноябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин кезексиз отурумунда жаңы төраганы шайлоо өттү. Бул кызмат орунуна талапкерлер катары Тимур Алхожоев жана Кубат Болотканов көрсөтүлгөн.

 

Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгында төрага болуп Кубат Болотканов шайланды.

Кубат Болотканов жогорку юридикалык билимге ээ.
1998-2000 – КМУУ юридика факультетинин окутуучусу.
2000-2004 – Жогорку Кеңеш кеңешчиси.
2004-2005 – президент администрациясынын маалымат бөлүмүнүн референти.
2005-2010 – Legal Asset management ЮФнын юрист-кеңешчиси.
2011-жылдан 2012-жылга чейин «Учкун» басмаканасын жетектеп келген. 2012-жылдан тартып Бишкек шаардык кеңешинде «Республика» партиясынан депутат болуп келген. 2013-жылдын сентябрынан тартып КТРКнын телеберүү боюнча башкы директорунун орун басары кызматын ээлеген.  
КТРКнын Байкоочу кеңешине Жогорку Кеңеш атынан сунушталган.

Буга чейин КТРКнын башкы директорунун кызматына сынак жарыяланган. Документтерди тапшыруу мөөнөтү бул жылдын 18-ноябрында саат 17.00 аяктайт.

 

 

Булактар:

 

ktrk.kg elgezit.kg  
Бөлүшүү