“Жаман бет алыш”. Бабановдун ЖМКга даттанганын адистер кандай баалашты

10 августа 17

Президент орунуна талапкер Өмүрбек Бабанов БШКга беш маалыматтык басылма мекемелердин ушак жайганына арызданды. Саясатчы менен ЖМКлар арасындагы мамилелер кандай түзүлөт жана бул жөнүндө адистердин ойлору.

Бабанов – мурунку премьер-министр жана президенттик шайлоодогу талапкер – БШКга беш: argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org жана 24.kg маалыматтык мекемелерине даттанды. Аларды ушактарды жайганын күнөөлөп жана журналисттерди жоопккерчиликке тартканы үчүн БШКдан тышкары көзөмөл органдарына да доомат бергенин айтты.

Kloop.kg’нин редакциясы адистерден Бабановдун ЖМКга карата даттарын жана саясатчынын келечекте алар менен кандай мамиле түзүлүшү жөнүндө ой-пикирлерин сурашты.

Елена Воронина, медиаконсультант:

— Бабановдун пиары менен ким иштейт экен кызык. Ал чынында бир камикадзе.

Бабановдун штабы арызданган сайттардан экөөсүн гана тааныймын. Ушул экөөсүн да маалыматтык басылма мекеме деп айтыш кыйын, бирок маанилүү эмес.

Башка маселе: Бабановду бул кантип көрсөтүп коёт? Саясатта болгонун биринчи жылы эмес, тажрыйбасы бар адам, ушундай каршы чыккан медиа мекемелер бул биздин заманда жөнөкөй иш, эмне ал аны түшүнбөй жатат? Алар менен иш жүргүзгөнү билиш керек.

Президеннтик жарышта жана алдыңкы шайлоо кампаниясын дароо эле ЖМКга даттанганы менен баштаганы жакшы болуп кайтпайт. Аларга көңүл бурбоонун көп жолдору бар, же маалыматты эки жактарга тең пайдалуу болгондой беришсе болот. ЖМК – бул коомдун күзгүсү да, коомдо турган маанайы.

Анын өзүнүн бедели жөнүндө кандай кам көргөнүн карайлы. Өзүн бир регионалдык деңгээлдеги өкмөттө иштеген саясатчыдай эмес болгонун көрсөтүшү керек. Бул саясатчы Ак Үйдүн жогорку кабаттарында иштеген, азыр болсо президенттик шайлоосунда катышып жатат. Ал ЖМКлар менен такыр башкача байланыштарды тузүп башташы керек, эгер иш айткандай сары пресса менен болсо дагы, анткени ошол эле “Гезиттер”ди жалпыга маалымдоо каражаттары деп айтсак болбойт. Бирок ага карабастан ЖМКлар менен өзүн туура кармашы керек.

Баардык саясатчыларга басма сөз мекемелери менен иш жүргүзгөнү үйрөнүшү керек. Эгер алар саясатчыларды жек көрүшсө дагы. Бабановдун пиар кампаниясы “үч” деген баага да жетпеди, килейген экини койгум келип турат. Азыркы кылыктары менен Бабановдун бедели жана статусу төмөндөп кетиши мүмкүн.

Азамат Тынаев, медиа-адиси:

— Саясатчыларда баарында ЖМКлар күнөөлүү болуп калган классикалык жагдай кайталанып турат. Алардын эч кимиси өзүнүн каталарын кабыл алганы каалашпайт.

Бирок Бабанов кыргыз тилин билбейт деп жазганы кызык. Бул 2000и жылдардан бери митинг форматында элдин алдында чыгып сүйлөгөн коомдук саясатчы.

Биз ал парламенттик партиянын башчысы болгонун билебиз, анын региондорго чыгып, эл менен байланыш түзүп жүргөнүн да билебиз, шайлоо алдыңкы үгуттү биринчи жолу өткөрбөгөнүн баары билишет. Бул маалыматка ошончолук көңүлүн оорутуп...эмне кереги бар?

Биздин калкыбыз медиа жактан сабаттуу жана калпты чындыктан айырмай алат. Жалган жаңылыктарды да аныктаганы акырындан үйрөнүп барып жатат. Эмне үчүн аларга даттанганын түшүнбөймүн. Ал деңгээлдеги саясатчы башка нерселерге көңүл бурушу керек.

Өкүнүчкө карай бизде калыстыкты жана журналистиканын эл аралык үлгүлөрүн сыйлаган көчөдөгү сары прессалар көп. Бирок БШКга даттанганы жана журналисттерден миллиондогон суммаларды соттоо менен бул маселе чечилбейт. Биз муну көп жолу өткөнбүз. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен жаңы мамилелерди түзүүгө учур келгенин саясатчылар түшүнүшү керек.

Эгер анда же анын штабында кыйынчылыктар болсо кайрылышсын. Бизде көп уюмдар бар – “Институт медиа полиси”, Медиа-өнүгүү борбору, Интерньюс, “Журналисттер” бирикмеси.

Маселени сотко кайрылбай чечсе болот. Бирок жок, албетте майда нерседен килейген чыр-чатакты жаратыш керек. Биринчиден бул саясатчыларды жакшы жагынан көрсөтпөй турат, өзгөчө өлкөлүк деңгээлдеги Бабановду дагы.

Нарын Айып, журналист:

— Биздин саясатчылардын келер кылыктарын билиш кыйын, анткени алар классикалык түшүнүм боюнча саясатчылар да эмес. Алардын көпчүлүгү ылайыкчылар, ар бир келер күндө өзгөчө белгиленген максатка жетишкендер. Ошондон бизде классикалык партиялар жок, аталышы “солдор” болсо дагы оңдордун көз караштарын бөлүшкөндөр.

Президенттин ажыдаар жөнүндө жомокту журналисттерге сайрай берип, акыры ошол ажыдаар өзү болуп калаганын эстесек болот. Анын да эртеңки кылыгын эч ким билбейт.

Биздин саясатчыларда эч кандай баалуулуктары жок, өзгөчө саясий баалуулуктар. Ошон үчүн өлүм жазасы жана көп аял алуучулук маселелери ар дайым пайда болуп беришет.

Ошондон бир нерсени так айтыш мүмкүнчүлүгү жок.

Булагына шилтеме

Алдын ала кароосундагы сүрөттүнө шилтеме

 
Бөлүшүү