Некролог. Михаил Рогожин: журналист, акын жана прозаик.

13 июля 20
@Sputnik/Табылды Кадырбеков
@Sputnik/Табылды Кадырбеков

Кыргызстандагы Интерньюс командасы жаркын чыгармачыл адам жана ар тараптуу инсандын, журналист, акын, прозаик, сүрөтчү Михаил Рогожиндин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышына терең кайгырып отурат.

 

Ал күчүнө толуп турган кезинде кете берди, май айында 51 жашка чыккан эле. 12 июлдан 13 июлду караган түнү Михаил эки тараптуу пневмониядан каза таап, доктурлар анын өмүрүн сактап кала алышкан жок.

 

Рогожин 1969-жылы Фрунзе шаарында туулган, №37 орто мектебин аяктаган. 1984-жылдан тартып Фрунзе Машина курулуш техникумунда окуган. Мындан кийин эки жыл аскерде кызмат өтөгөн. 1998-жылы Орус тили жана адабияты пединститутун (ПИРЯЛ) (кийин Тилдер жана гуманитардык илимдер пединститутун (ГИЯГН) жана Бишкек гуманитардык институтун (БГУ)) бүтүргөн.

 

Көп жылдардан бери Михаил Кыргызстандын ар кыл ММКсында эмгектенип келген, 1990-жылдардын ортосунда «Восст» ТРКсынын башкы редактору болуп, Кыргыз-Орус Славян универститетинин эл аралык журналистика кафедрасында билим берген. БУУнун өнүктүрүү программаларынын (ПРООН) экологиялык долбоору менен кызматташкан.

Facebook тармагында аны “Черный список” паблигинин негиздөөчүсү катары таанышат.

 

Михаил Рогожин Sputnik – Кыргызстан агенттигинин негизделген күнүнөн тартып, акыркы күнүнө чейин техникалык суроолор боюнча жетекчинин орун басары кызматында эмгектенип келди.

 

Агенттиктеги кесиптештери, Рогожин алардын эсинде ак ниет, кайраттуу, өз ишин билген жетик адам, ак көңүл күчтүү инсан, чечкиндүү жана адилет жетекчи, каалаган суроого жооп билген акылман улуу жолдош катары калат деп билдиришет.

 

Михаил Рогожин прозалардын жана ырлардын таланттуу автору катары таанымал, анын ырлары берилиши жагынан, дүйнөнү сезүү, аны баамдап, таануусу менен айырмаланып келет.

 

Михаил Рогожин поэзиясы жана прозаны бул жерден тапса болот.

 

Кыргызстандагы Интерньюс кызматкерлери журналисттик коомчулуктагы орду толгус жоготууга байланыштуу Михаил Рогожиндин туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, КРдагы Интерньюс кызматкери - жубайы Ирина Чистяковага көңүл айтат.

 

 

http://literatura.kg

 

https://ru.sputnik.kg/

Бөлүшүү