Коом үчүн маанилүү контентти өндүрүүгө Интерньюстан гранттык сынак
Кыргызстандагы Интерньюс продюсердик компанияларды жана чыгармачыл топторду контентти өндүрүү боюнча сынакка катышууга чакырат.
Көңүл бургула! Сынакка юридикалык жактар гана жеке же коомдук кампаниялар катыша алат.
Интерньюс сынак жыйынтыктары боюнча бир нече долбоорду же бир долбоорду колдоо укугун өзүнө калтырат.
Кайсы долбоорлорду колдоо пландаштырууда?
Биз бир же бир нече масштабдуу, узак мөөнөттүү, амбициялык медиа продуктТарын колдойлу деп жатабыз. Бул фильм, мультфильм сериялары же бир артыкчылыктуу тема жана максаттуу аудитория менен бириктирилген журналисттик материалдар болушу мүмкүн.
Контентти кайсы максаттуу аудиторияларга түзүү пландаштырылууда?
Жаш балдар - 3төн 12 жашка чейин
өспүрүмдөр - 12ден 16 жашка чейин
жаштар - 16дан 21 жашка чейин
18 жаштан жогорку жаш курактагы аудитория үчүн контент
Артыкчылыктуу багыттары кандай?
- Өз ара мамилешүү (семья, гендердик теңдик, курдаштар, мектеп)
- Билим берүү (алыстатылган окутуу, инклюзия, альтернативдүү билим берүү, санарип сабаттуулугу)
- Курчап турган чөйрө (экология, урбанистика, баамдалган керектөө)
Сынак кандайча өтөт?
Ой табылгаларыңарды ишке ашырууга бизден колдоо алуу үчүн үч этаптан өтүү керек:
1чи этабы. Ой табылга бергиле. 2020-жылдын 30-октябрына чейин өзүнө кийинкилерди милдеттүү түрдө камтыган долбоор арызын жөнөткүлө:
- Ой табылганын сүрөттөлүшү
- долбоор максаты жана күтүлгөн натыйжалар;
- медиапродуктТун форматы, саны жана хронометражы;
- иш-чаралардын календардык планы (жүктөө бул жерден);
- долбоор концепти жана негизги багыттары;
- сюжеттин мүмкүндүү багыттарынын сүрөттөлүшү;
- трейлери же пилоту (пилотунун болушу тандоо маалында артыкчылыкка ээ болмокчу);
- долбоордун бюджетинин жалпы суммасы жана анын негизги беренелери;
- шериктеш эфирге чыгаруучу компания туурасында маалымат же медиапродуктту жайылтуу ыкмасы;
- буга чейинки топтолгон тажрыйбасы жана долбоор командасынын бардык мүчөлөрүнүн портфолиосу.
Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген арыздар каралбайт.
АРЫЗ ФОРМАСЫ (бул жерде)
Гранттык комиссиянын алдын ала макулдугун алган арыз авторлоруна 2-этапка катышууга чакыруу жөнөтүлөт.
2чи этабы. Ой табылганы жактагыла. Ноябрдын башында биз алдын ала тандалган командаларды 30 мүнөттүк питчингге чакырабыз, ал жерден силер өз долбооруңар, компания мүмкүнчүлүктөрү жана долбоорду ишке ашыруу, аудиторияны тартуу пландарыңар туурасында айтып берип, суроолорго жооп берип, гранттык комиссия мүчөлөрүнүн сунуштарын аласыңар.
Сынактын катышуучуларынын питчингден (өз долбоорун жактаган кыска чыгып сүйлөө) ийгиликтүү өтүүсү үчүн атайы онлайн-окутуу уюштурулмакчы. Өткөрүлө турган окутуу сессиясынын так күнүн кошумча билдиребиз.
Тандоодон өтүп, гранттык комиссиянын сунуштарын жолдоого даяр компаниялар 3-этапка катышууга чакыруу алышат.
3чү этабы. Ой табылганы долбоордук гранттык арызга жол-жобологула. Сынак финалисттери бул этапта ой табгаларын Интерньюстун сунуштарын эске алып толук кандуу долбоорго чейин иштеп чыгышат жана Медиа-К долбоорунун жардамы менен долбоорду ишке ашыруу келишими үчүн документтерди даярдашат.
Гранттык сынактын жеңүүчүлөрү КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгүнөн кандай колдоо алышат?
Гранттык портфелдин жалпы суммасы - 100 000 АКШ доллары (жүз миң АКШ доллары). Ошондой эле Интерньюс контентти өндүрүүнүн жүрүшүндө керектөө боюнча тышкы эксперттерди тартуусу менен ар кыл багыттардагы кеңештик колдоо уюштурат.
Долбоорлор кандайча ишке ашат?
Долбоорлор 12 айга чакталып, алардын каржылоосу жана ишке ашуусу жарым жылдык эки фазага бөлүнмөкчү.
Биринчи алты айда долбоор авторлору медиапродукттун серияларынын биринчи бөлүгүн түзүп, эфирге чыгарышы керек.
Каржылоонун жана ишке ашыруунун экинчи фазасына актуалдуу, максаттуу аудиториянын кызыгын туудурган, команданын тажырыйбалуулугун далилдеп, мындан аркы долбоор өндүрүшүнүн келечегине ишеним арттырган долбоорлор гана өтө алат.
Интерньюс кийинки этапка өткөн катышуучуларды гана маалымдайт.
Долбоор ой табылгалары туурасында маселелери боюнча КРдагы Интерньюстун Тренинг-борборунун жана контентти өндүрүү боюнча координатору Элима Жапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.
Бюджет, формаларды толтуруу жана грант алуу процедуралары маселелери боюнча грант-менеджер Нарынбек Сариевге [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.
Ошондой эле көптөгөн суроолоруңарга жоопторду 20-октябрда саат 11:00 онлайн-форматта өтө турган маалыматтык сессия маалында zoom-жолугушууга шилтемеси аркылуу өтүп алсаңар болот.
Join Zoom Meeting
https://internews.zoom.us/j/95359548007?pwd=MXo4L2lQc0pNRGxFSGloMWZTOXdidz09
Meeting ID: 953 5954 8007
Passcode: 400751
Гранттык программа «Медиа-К» долбоорунун көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүүсүнүн алкагында Интерньюс тарабынан USAID-дин колдоосунда FHI 360 менен кызматташуусунда ишке ашырылат.