Борбордук Азиядагы Internews командасынын медиага кайрылуусу

 

Борбордук Азиядагы Internews командасы чек ара аймагындагы адамдардын өлүмүнө байланыштуу Кыргыз Республикасына жана Тажикстан Республикасына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Биз кошуналар чатакты жакынкы арада жөнгө салат деген үмүттөбүз.

 

Медиасектордун өнүгүүсүн колдоого алган команда катары, биз чек арадагы окуяларды чагылдырып жаткан эки өлкөдөгү кесиптештерибизди, ошондой эле башка өлкө журналисттерин кесипкөй жана этикалык стандарттарды карманып, бул күндөрү алынган каалаган маалыматты иштетип, - фактылар менен булактарды текшерип, так жана калыс болуп, материалды адилеттүү, салмактап берүүгө, чыр-чатакка сезимталдыкты унутпастан, сабыр болуп, сезимдерге жана провокацияга алдырбоосуна чакырабыз.

Биз ар бир сөзгө этият мамиле кылып, кырдаалды чыңалтпай, аудитория менен кастык тилинде сүйлөшпөөнү суранабыз. Бүгүн силердин иш сапатыңардан адам өмүрү жана тагдыры көз каранды.

Биз медиабыздын акылмандык көрсөтүп, чындыкты атайы бурмалабай, коомдук пикирди манипуляция кылбай, өздөрү чатакты арбытпай жана бөтөн провокацияга берилбей, тескерисинче – өлкөлөр аралык сүйлөшүүлөргө көмөктөшүп, аянтча түзүп берип жана бардык тараптарга пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк берип, карапайым элдин кызыкчылыктарын эске алып, тезирээк тынчтыктын орношу үчүн болгон күчүн жумшайт деген ишеничтебиз.

Борбордук Азиядагы Internews командасы эки өлкө медиакоомчулугуна диалог куруп, консолидация кылып, кызматташуусун сунуштайт.

Борбордук Азиядагы Internews командасы

Бөлүшүү