“Умтулуу-2021” улуттук сынагына өтүнмөлөрдүн кабыл алуусу башталат
Интерньюс Кыргызстандын кесипкөй журналисттеринин арасындагы “Умтулуу-2021” улуттук сынагына өтүнмөлөрдүн кабыл алуусу башталганын билдирет.
Сынактын максаты
Аудиториянын, жалпы эле коомдун алдында өзүнүн жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин сезе билген республикалык медиакомпаниялардын кызматкерлеринин, журналисттердин кесипкөйлүгүнө дем берүү жана КРдин заманбап маалыматтык тармагын өнүктүрүү. Сынак дайыма эле даяр жооп табуу мүмкүн болбогон талаш-тартыштуу, маанилүү темалар боюнча коомдук талкууну жаратууга багытталган.
Сынактын номинациялары
Интерньюс төмөндөгү темалар боюнча каалаган медиаформатта даярдалган сапаттуу журналисттик эмгектердин авторлорун сыйламакчы:
Эл жана анын бийлиги.
Балалыкты коргоо.
Тынчтык жана ынтымак
Маданият жана агартуу.
Теңдүүлөрдүн коому
Аракетчил инсан. Сынактын атайын эки номинациялар:
Таиржан Бакиевич Турсуналиев (1961-2014жж) бүт өмүрүн Кыргызстандын аймактык медиа тармагын өнүктүрүүгө арнаган. Ал ар түрдүү ЖМКларда эмгектенген, жүздөгөн адистерге таалим-тарбиясын берген. 12 жыл Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча Интерньюстун координатору болгон. «Ынтымак» коомдук-регионалдык телерадиокомпаниясын түзүү демилгечилеринин бири болуп, көп жыл бул телекомпаниянын Байкоочу кеңешин жетектеген.
Бул атайын сыйлыктын ээсин КРдеги Интерньюстун сынак комиссиясы аныктайт.
Сынактын катышуучулары
Сынакка иштеген медиасына карабай 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алат. Сынакка катышуу боюнча билдирмени эл аралык медиакомпаниялардын өкүлдөрүнөн сырткары же автордун өзү, же аны көрсөткөн медиакомпания бере алат.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдүн онлайн-формасын бул жерде толтуруңуздар.
Макулдугу тууралуу каттын формасы (жүктөп алуу)
Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү – 2021-жылдын 30-июнь.
Номинациялар, сынак материалдарын жиберүү ыкмалары жана мөөнөттөрү тууралуу кененирээк
Сынактын жобосунда айтылат.
Эң көп берилген суроолор (суроолорго жооптор бул жерде)
Кошумча суроо жаралса уюштуруу комитетинин өкүлү Элима Жапаровага 0 (312) 98-68-80 (кошумча 307) телефону аркылуу жумуш күндөрү 09.00дөн 18.00го чейин чалыңыздар, же [email protected] электрондук дарегине кат жазыңыздар.