MediaCAMP Award-2020 журналисттер сынагына иштерди кабыл алуу жарыяланат

 

Интерньюс MediaCAMP Award Борбор Азиялык журналисттер үчүн II Регионалдык сынакка катышуу арыздарын кабыл алуусу туурасында билдирет.

Сынакка 2019-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 31-майына чейин жарыяланган каалаган форматтагы жана жанрдагы иштер кабыл алынат (жалгыз чектөө – документалдык тасмалардын хронометражы 40 мүнөттөн ашпашы зарыл).

Сынак MediaCAMP Борбор Азиялык программанын алкагында өткөрүлүүдө. Жана кийинки максаттарды көздөйт:

- Борбор Азия өлкөлөрүндөгү коомдук мааниге ээ окуялар менен кубулуштарды чагылдырган шыктуу журналисттерди жана көз карандысыз контент жаратуучуларды сыйлоо;

- региондогу коомдун ар кыл өкүлдөрүнүн үнүн  угууга мүмкүнчүлүк берген медиа чөйрөнүн өнүгүүсүнө түрткү берүү;

Сынакка Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда штаттык же штаттык эмес негизде ММКда же медиа чөйрөдө иштеген каалаган журналист жана контент түзүүчүсү катыша алат. Чет өлкөлүк ММК журналисттери катыша албайт.

Арызды автордун өзү же аны номинацияга чыгарып жаткан медиа уюму берет.

Орус тилиндеги жана арыз берилип жаткан өлкөгө жараша – улуттук тилде (казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек) берилген иштер караштырылат.

Кыргызстанда иштер орус жана кыргыз тилинде берилсе болот.

Сынакка катышуу шарттары туурасында кененирээк Жободон караңыз.

Катышуу үчүн керек:

арызды БУЛ ЖЕРДЕН толтуруу,

тил катты тиркөө (медиа уюмдар үчүн үлгү – БУЛ ЖЕРДЕ,

көз карандысыз контент өндүрүүчүлөрү үчүн – БУЛ ЖЕРДЕ)

Арыздар бул жарыянын чыккан күнүнөн тартып 2020-жылдын 15-июлуна саат 23:59 чейин кабыл алынат.

Сынак номинациялары туурасында маалымат:

 

  • «Бийлик жана коом»,
  • «Чеги жок муун – Мүмкүнчүлүктөр убакыты»,
  • «Кол кабыш кылуу убакыты»,
  • «Баатырлар арабызда»,
  • «Объектив» (сүрөт иштери үчүн).

Калыстар тобунун чечими боюнча атайы сыйлыктар каралышы мүмкүн.

   

2019 жылдагы сынакта ар бир номинация боюнча байгеге ээ болгон иштер үлгүсүн жана сынак номинациялары туурасында кеңири бул шилтеме аркылуу болот .

   

Улуттук комиссиялары ар бир өлкө ичинде мыкты иштерди алдын ала аныкташат.

 

Мындан соң атайы чакырылган аймактык калыстар тобу финалисттер иштеринин арасынан жеңүүчүлөрдү тандайт.

Салтанаттуу сыйлоо аземи бул жолу онлайн өткөрүлүп жаткан II Борборазиялык медиафестиваль алкагында телемост форматында 2020-жылдын сентябрь айында өтөт.

 

Көп берилчү суроолор

 

Сиздин кошумча суроолоруңуз туулса биз менен [email protected] электрондук почтасы боюнча байланышыңыз.

Кеңири жайылган суроолор жооптору биздин Internews.kg жана Newreporter.org сайттарыбызда, ошондой эле биздин социалдык тармактар баракчаларыбызда жайгаштырылган.

 

Долбоор Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосунда MediaCAMP Борбор Азиялык программанын алкагында ишке ашат. Программа туурасында кененирээк бул жерден окуңуз. Уюм туурасында кененирээк - Интерньюс в Кыргызстане.

 

Бөлүшүү