Борбор Азиялык Медиасын онлайн мектебинине жазылуу ачылды

 

 

Интерньюс 27-апрелден 6-майга чейин Медиасын онлайн-мектебин өткөрмөкчү. Аталган иш-чарага кесипкөй журналисттер сыяктуу эле Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан медиаконтентти талдоо жаатында тажрыйбасы бар адамдар катыша алат.

 

Катышуучулар автордук материалдарынын мисалдары менен толтурулган анкетасы боюнча сынактык негизде тандалышат.

 

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү – 17-апрель.

 

Казак, кыргыз, тажик, өзбек тилдеринде иш алып барып, ошол эле учурда мугалимдерди түшүнүүгө жол берген деңгээлде орус тилин билген авторлор артыкчылыкка ээ.

 

Медиасын – заманбап журналистиканын динамикалуу тармагы. Ал маалымат өндүрүшүнүн социалдык, этикалык, укуктук жана башка көптөгөн аспектилерин баалоо менен иш алып барат.

Интерньюс Борбор Азия өлкөлөрүндө «Медиасын» багытын «Новый репортёр» сайтында өнүктүрөт.

Арыздарды толтуруудан мурун материал мисалдарын карап чыгууңузду суранабыз. Биз жөн гана Мектеп катышуучуларын издебестен, «Медиакритика» бөлүмүнүн авторлору жана редактору боло турган, гонорардын негизинде материалдарды даярдай турган тилектеш адамдарды издеп жатабыз.

 

Мектеп сабактары күнүгө дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин эки сааттан өтөт. Сабактар лекция жана чыгармачыл тапшырма түрүндө болот.

 

Сабактар орус тилинде өтүп, бирок кураторлор Мектеп катышуучулары менен улуттук тилдерде иш алып барышмакчы.

 

Тренерлер курамында: теле- жана радио алып баруучу, журналист, телесынчы Ирина Петровская, ошондой эле «Новый репортёр» долбоорунда иштеген медиасынчылар - Сергей Ким, Маргарита Бочарова, Назира Даримбет, Анна Шабалдина.

Онлайн-мектептин чакырылган коногу – Санарип маданияты жана медиасабаттуулук борборунун директору Анна Качкаева.

 

Эгер сиз Мектепке катышам десеңиз жана да андан ары Интерньюс менен гонорардык негизде кызматташам десеңиз, бул онлайн-арызды 2020-жылдын 17-апрелине чейин толтуруңуз.

Мектепке катышуу үчүн сиздин интернетке жеткилигиңиздин жана онлайн сабактар үчүн колдоно турган компьютериңиздин болуусу зарыл.

 

Онлайн-мектепти өткөндүгү туурасында күбөлүктөр берилет.

 

Бардык суроолор боюнча [email protected] почтасына кайрылыңыз.

Берилген суроолор жооптору менен алардын түшүү иретинде Internews.kz жана newreporter.org кулактандыруусу бар баракчаларда комментарий түрүндө жайгаштырылмакчы.

 

Долбоор Борбор Азиялык MediaCAMP программасынын алкагында Эл аралык өнүгүүсү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосунда ишке ашат.

 

Булагы: newreporter.org

   
Бөлүшүү