«Ийгиликтүү питчтин негиздери» аттуу онлайн-сессияга каттоо ачылды

КРдагы Интерньюс Өкүлчүлүгү «Ийгиликтүү питчтин негиздери» аттуу онлайн-сессияны 29-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 11.00дөн 13.00гө чейин орус тилинде өткөрөт.  

Сессия кыргыз тилге синхрондук котормосу менен өтөт. 

   

Сессияга катышууга продюсерлер, медиа долбоор авторлору, редакторлор, жана ошондой эле сынактык комиссия алдында өз медиа долбоорун жактайм жана төмөндөгү суроолорго жооп алам деген тараптар чакырылат: 

 

 

  • Питчинг деген эмне? 
  • Питч. Бул кандай формат?  
  • Питчинг кандай баскычтардан турат? 
  • Ийгиликтүү презентацияны кандайча түзүмдөп, жасалгалоо керек?  
 

Тренери: 

 

Ольга Захарова стартегиялык маркетинг, коммуникациялар жана бренддерди калыптоо жаатындагы таанымал эксперт. Дизайн, илгерилетүү жана жарнак сынактарындагы көптөгөн улуттук жана эл аралык сыйлыктардын ээси.  

Украиналык телекөрсөтүү академиясынын эсперттик кеңешинин мүчөсү. Украиндик киноакадемиянын, «ТЭФИ» Россиялык  телекөрсөтүү академиясынын мүчөсү. 

 

2000-жылдан тартып улуттук «Телетриумф» сыйлыгынын калыстар тобунун курамында. 

1998-жылдан тартып Promax / BDA сынагынын калыстар тобунун туруктуу мүчөсү.  

 

    

Онлайн-сессияга катышууну каалагандар 29-октябрь саат 10:50дө zoom-конференцияга шилтеме боюнча өтүп катыша алышат.  

https://internews.zoom.us/j/96653654984?pwd=ZWpObHlMc0ZVeCtMem5QdWp1ZDkwQT09

Meeting ID: 966 5365 4984

Passcode: 177703

 

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун Тренинг жана контент өндүрүү борборунун координатору Элима Жапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылууга болот. 

Бөлүшүү