2020 парламенттик шайлоосу: ММКлар үчүн кириш онлай-сессия

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү КРнын БШК менен биргеликте алдыда турган парламенттик шайлоого байланыштуу маалыматтык онлайн-сессияны жүргүзөт.

Биз Кыргызстандын ММКларынын, онлайн-басылмаларынын редакторлорун жана журналисттерин 2020-жылдын 5-августунда саат 10.00дөн 12.00гө чейин zoom платформасында өтө турган жолугушууга катышууга чакырабыз.

Кириш сессиясынын спикерлери:

- Нуржан Шайлдабекова, КР БШКсынын төрайымы.

- Гульнара Джурабаева, КРнын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык жана аны өткөрүү жүрүшү туурасында шайлоочуларды маалымдоо маселелери боюнча жумуш тобунун мүчөсү

 

 

Программада:

  • 2020-жылы парламенттик шайлоону өткөрүү тартиби

  • Парламенттик шайлоо маалында маалымдоо жана үгүттөө

  • КРнын мыйзам чыгаруусу: шайлоо маалында партиялардын жана ММКлардын укуктары жана жоопкерчилиги

Онлайн-сессияга катышуу үчүн сиз 4-августтун 13.00гө чейин шилтеме боюнча катталышыңыз керек:

  Каттоо

Сынактык тандоодон өткөн катышуучулар 4-августта арызында көрсөтүлгөн электрондук дарекке zoom-иш-чарага шилтемеси бар чакыруу алышат.

Бардык суроолор боюнча Internews-тун тренинг-борборунун жана контент өндүрүү боюнча менеджери Элима Джапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.

Биздин социалдык тармактар:

Facebook

Twitter

Instagram

Telegram

 

“Медиа көз карандысыздыгын колдоо демилгеси” долбоору («Meдиa-K») USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Интерньюс Өкүлчүлүгү тарабынан FHI360 шериктигинде ишке ашат. Ал жарандардын ар кыл маалыматка жеткилигин жакшыртууга жол берген ММКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган.

 
Бөлүшүү