Интерньюстун өнөктөштөрү Facebookта «көк чымчыкча” алып жатышат

16 декабря 21

Кыргызстандагы Интерньюс өнөктөштөрүнүн соцтармактардагы аккаунтарын  верификация процессинен ийгиликтүү өтүп,  көк чымчыкча алып жатканына кубанычта. Мисалга: "Кактус медиа" Facebook түйүнүндө, "Клооп кыргызча" жана   24.kg маалымат агенттиги Instagramда верификациядан өткөн.  

 

 Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулованын айтымында бул жергиликтүү медиалар үчүн коргоонун даражасы болуп саналат.

 

 - 2020-жылдын октябрынан тарта троллинг-аккаунттардан даттануулардын массалык чабуулу көбөйгөндүктөн улам медиалардын соцтармактардагы аккаунттары жабылып калуу коркунучу пайда болгондо, Интерньюс коргоо жана верификация үчүн бир нече жолу Facebookтун администраторлоруна көз карандысыз ЖМКлардын тизмелерин, ошондой эле башкы редакторлордун аккаунттарын жөнөткөн.  Биз республикадагы бардык көз карандысыз маалымат каражаттары көк чымчыкчага жана күчөтүлгөн коргоого ээ болот деп ишенебиз», - деди Элина Каракулова.

 

Айрым жеке жана бизнес-баракчалардагы “көк чымчыкчалар» Facebook администраторлору тарабынан текшерүүдөн өткөндүгү анык дегенди билдирет. Башка сөз менен айтканда, бул бет чындыгында эле аталган уюм же таанымал адам колдонуп жатканын далилдеп турат.

 Эң негизгиси, верификация жасалма баракчалардан коргоого жардам берет, анткени алдамчылар ошол эле ат менен башка баракчаларды түзүп алышы мүмкүн. Бирок, көк чымчыкча окшош аккауанттардын кайсынысы расмий, кайсынысы фейк аккаунт экенин айрымалаганга шарт түзөт.

 

Верификация чымчыкчасы көптөгөн белгилүү компаниялардын жана атактуу адамдардын баракчаларында бар жана бул популярдуу, беделдүү, ийгиликтүү дегендин белгиси катары кабылданат.

 

Бөлүшүү