"Медиакыздар" подкасты – Жаннат Токтосунова

"Медиакыздар" – медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө подкаст. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баарлашуу.

 

Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКларды аялдарсыз элестете албайбыз. Алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.

 

"Медиакыздар" подкастынын биринчи сезонунда жергиликтүү журналистиканын кыргыз тилдүү сегментинде иштеген белгилүү айымдар менен таанышасыз.

 

Подкасттын төртүнчү чыгарылышынын коногу – медиа менеджер Жаннат Токтосунова.

 

 

Жаннат Токтосунова – медиа менеджер, аймактык «3 канал» телеканалынын башчысы. “Next FM-Кара-Балта” радиосун, маалыматтык “Next TV” жана маанайшат “Saltanat” санарип телеканалдарын жетектеген.

 

КУУнун “Социалдык жана гуманитардык илимдер” факультетин аяктаган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунда, КТРК телеканалында, “MegaCom” компаниясында эмгектенген.

 

 

Жаннат журналисттердин үй-бүлөсүнөн чыккандыктан, маалымат каражаттарынын иши менен жакындан тааныш болгон. #Медиакыздар подкастында ал Таласта кантип иштей баштаганын, бүгүнкү күндө аймактык ЖМКлар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын, редакциядагы чоң өрттөн кантип аман чыгып, медианын күчүнө ишенгендигин айтып берди.

 

 

 

Подкасттын шилтемеси

 

 

Подкаст «Азаттык» радиосунун студиясында жазылды жана Кыргызстандагы Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун алкагында жарыяланды.

Монтаж жасаган: Санжар Эралиев.

Мукабаны даярдаган: Марлис Эсенакунов. 

Сүрөттүн автору: Алена Жук.

 

Подкасттын автору жана алып баруучусу: Тынымгүл Эшиева, "Сорос-Кыргызстан" Фондунун “ЖМКларды өнүктүрүү” программасынын директору, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин окутуучусу. Интерньюстун медиасынды өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучусу.

 

Бөлүшүү