Сөз эркиндиги жөнүндө ырдын бет ачары "Медиа Топо-2022" Индустриалдык форумунун ачылышында болду

Кыргызстандын медиа коомчулугунун мыкты өкүлдөрүн, чет өлкөлүк эксперттерди жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген коноктордун башын бириктирген "Медиа Топтоо-2022" форуму рэпер Баястан Ботоканов жана төкмө акын Баян Акматовдун аткаруусундагы сөз эркиндигинин жана чындыктын гимни болгон ыр менен ачылды.

 

 

   

"Акыйкат керек элиме" эки атактуу ырчынын эксперименталдык дуэти жараткан жаңы ыр ушундай саптар менен башталат. Заманбап рэп менен төкмөлүк салттуу өнөр чыгармачылыгы бири бирине жакын, алардын экөөнүн тең негизин акындык төкмөлүк касиет түзөт. Рэпперлер баттлда таймашат, ал эми акындар айтышта күч сынашат.

 

   

Баян аткарган таанымал обон-бул жанрдын классикасына айланган, улуу кыргыз демократ - акыны жана эркиндиктин жарчысы Токтогул Сатылгановдун окуучусу, кыргыздын эл артисти Алымкул Үсөнбаевдин обонуна салынды.

 

Жаңы ырдын жаратуучулары:

 

Баястан (Ботоканов) - 2008-жылдан бери рэп аткаруучусу. Башка рэпер аткаруучу Бегиш менен патриоттук темадагы көптөгөн хиттерди жаратышкан. Акыркы жылдары жаштар арасында атактуу ырчы Тамга (Айбек кызы Тамгагуль) менен бирге бир нече ыр жаздырган.

                        658миң катталуучулары

 

https://www.instagram.com/ortoaziyabayastan/

 

Баян Акматов төкмө - акын, обончу жана аткаруучу,  2021 - жылы Айтыш боюнча "Алтын комуз" сынагынын жеңүүчүсү болгон, төкмө-акындардын салттуу чыгармачылыгы менен Интерньюстун Медиасабаттуулукту колдоо боюнча “Билим айтыш” долбоорунун катышуучусу.

 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Internews in Kyrgyzstan (@internewskg)

                        21,9миң катталуучулары

 

https://www.instagram.com/bayan_akyn_official/

 

 

Кыргыз тилиндеги ырдын тексти:

 

 

Акыйкат керек элиме!

 

Кайырма:

 

Акыйкат керек элиме,

 Ала-Тоо кыргыз жериме!

Жалганды жууп, жаманды кууп баардык тармактан! Өчпөс үмүт, жаркын келечектей таң аткан! Тазалап, түздө, ар бир чөйрөдөн өнүгүүнү жараткан! Чындыкты чын айткандар, окубастан барактан!

 

Баястан-рэп

Канча жыл өтпөсүн, ак кемебиз чөкпөсүн! Чындыгыбыз чынжырдай,

Үзүлбөсүн! Канча сокпосун! Ак ниет менен акыйкат, Адилеттүүлук чакыртат! Ачык сөз, эркиндик үнү, Ар бир күнү бакыртат! Желекти бийик кармап,

Өнүгүүгө өмүр арнап,

Азаттыктын желеги желбиреп,

Турсун! Өчпөс үмүт барда, Умтулуп бир болууга, Бөлүнгөндү таштайлы! Улуу улуттун жолунда, Такыр тээтири баспайлы!

 

 

Баян Акматовдун кайрылуу ыр

 

Журналист силер жарчылар, Эл аралап барчуулар! Жалгандын коргоп уусунан, Жалпы элди сактап калчулар! Кара кылды как жарып, Калк үчүн башын сайчулар! Көз жетпеген чындыкка Көпүрө болгон жансыңар. Башыңды көтөр, тайманба! Баатырдан артык даңкыңар! Чындыкты айткан жарчыны Чын сүйгөн кыргыз калкы бар!

 

   
Бөлүшүү