Кыргызстан ММКларынын редакторлорун жана журналисттерин «ММКлар жана жергиликтүү шайлоо» аттуу онлайн-сессияга чакырабыз

Сессиянын жүрүшүндө кийинки маселелер каралмакчы:

  1. Сапаттуу, жооптуу жергиликтүү бийликти калыптоодо жергиликтүү ММКлардын ролу.
  2. Саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо алдындагы платформалары. Аларды кандайча чагылдыруу керек?
  3. Мүмкүндүү тобокелдиктер жана журналисттердин каталары.
  4. Журналисттик иликтөөлөрдү, аналитиканы, шайлоого чейинки жана андан кийинки дебаттарды өткөрүүдөгү укуктук мүмкүнчүлүктөр.
     

Тренери  – Атыр Абдрахматова, юриспруденция жаатында 18 жылдык эмгек тажрыйбасы бар эксперт, мамлекеттик кызматта жана укук коргоо жаатында көп жылдык тажрыйбага ээ. 2003-жылдан тартып ар кыл деңгээлдеги шайлоо процесстерине катышып, Жогорку Кеңеш жана Бишкектик шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгон. 2016-жылдын июль айынан 2020-жылдын октябрь айына чейинки мезгилде КРнын БШК мүчөсү. Ошондой эле парламентаризмди өнүктүрүү, шайлоо, парламентаризм жаатында мыйзамдарды жакшыртуу, биригүү эркиндиги жана тынч чогулуш өткөрүү укуктары, мамлекеттик кызматта кызыкчылыктар кагылышуусу, КТРК маалыматын керектөөчүлөрүнүн укуктарын кеңейтүү жана алардын контентти жакшыртууга катышуусу жаатында эмгектенген.

 

Окутуучу сессия ZOOM платформасында өткөрүлөт

кыргыз тилинде 2021-жылдын 19-мартында саат 16:00дөн 18:00гө чейин.

 

 

 

Вебинарга катышуу үчүн катталышыңыз керек:

кыргыз тилинде каттоо бул шилтеме боюнча 18-март саат 15.00гө чейин.

 

Чакыруусу бар катты тандалган катышуучулар көрсөткөн электрондук почта дарегинде онлайн-сессиянын башталышына чейин бир күн мурун алышат.

Бардык суроолор боюнча Интерньюстун Тренинг жана контентти өндүрүү борборунун координатору Элима Жапаровага [email protected]  электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.  

 

«Медианын көз карандысыздыгын колдоо демилгеси» долбоору («Meдиa-К») USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү тарабынан FHI360 менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Ал ММКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган, бул өз иретинде жарандардын ар тараптуу маалыматка болгон жеткилигин жакшыртууга жол бермекчи.

 

   
Бөлүшүү