Media-K долбоору кезектеги беш жылга Кыргызстандын медиасына колдоо программасын жарыялады

18 ноября 22

Интерньюс Кыргызстандагы USAID каржылык колдоо көрсөткөн индустриалдык «Медиа-К» долбоорунун үчүнчү беш жылдык фазасынын бет ачаарын өткөрдү. 

 

 

— Биздин жаңы долбоор аркылуу кезектеги беш жылда USAID Кыргыз Республикасындагы көз карандысыз медиаларга колдоо көрсөтүүнү көздөйт, өзгөчө көңүл аймактык медиаларга жана кыргыз тилиндеги материаларды өндүрүүгө бурулмакчы.

Жаңы долбоордун алкагында медианын мүмкүнчүлүгүн, каржылык туруктуулугун бекемдөө жана кыргызстандыктарды сапаттуу маалымдоо багытында иштер жүргүзүлөт, – деди долбоордун бет ачаарында негизги донордун өкүлү, Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кая Адамс.

 

Бет ачаарга алдыңкы көз карандысыз медиалардын башкы редакторлору, онлайн-басылмалардын жана телеканалдардын журналисттери, продакшн студиялардын продюсерлери, медиаэксперттер, блогерлер, акындар жана инфлюенсерлер катышты.

 

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова иш-чаранын башында долбоордун 2017-жылдан 2022-жылга чейинки беш жылдагы негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берип, бул таңгаларлык ийгиликтерге жетүүдө өнөктөрдүн, алардын аракеттеринин, кесибине берилгендиктеринин ролу зор болгонун белгиледи.

 

Каракулованын айтымында, ири маалыматтык медиалар пандемиядан чоң жоготуусуз чыга алышты. Негизги өнөктөргө колдоо көрсөтүү долбоору редакциялардын туруктуулугуна жакшы өбөлгө болду. Беш жыл аралыгында бардыгы болуп 15 редакция долбоордун алкагында колдоо ала алды.

Дата-журналистика жана журналисттик иликтөө популярдуу жанрларга айланып, кыргызстандык журналисттердин ийгиликтери эл аралык деңгээлде таанылды.

Кыргыз тилиндеги контент тууралуу сөз кылып жатып, Каракулова 5 жыл аралыгында 5 миң даана контент өнүдүрүлгөнүн айтты. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарда өндүрүлгөн.

Аймактагы жаш журналисттерге колдоо көрсөтүү үчүн өзүнчө стипендиялык программа каралган болчу.

 

Видеожазууну төмөндө көрсөңүз болот:

 

 

 

Каракулова белгилегендей, Кыргызстандагы Интерньюс медиакоомчулуктан сырткары төкмө акындар, иликтөөчу журналисттер, блогерлер дагы коомдун медиасабаттуулугун өстүрүүгө катыша баштаганадары менен сыймыктанат. Ал “Билим айтыш” долбоорун белгилей кетти, бул долбоордун алкагында төкмө акындардын илгертен келаткан агартуучу ролу медиасабаттуулукту эл арасында жайылтууга колдонулган.

«Акыркы сабак» деген кыргыз тилиндеги өспүрүмдөр үчүн биринчи сериал бул жылдагы эң ийгиликтүү тасма болгонуy белгиледи.

Коомдук маанидеги контентти өндүрүүнүн алкагында 12 даректүү жана көркөм жаратылган, алардын айрымдары эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарга татыган.

Каракулова инфлюенсерлер рыногунун өнүгүүсү, өндүрүүгө окутуу, менеджмент жана контенттин сапатын жогорулатуу, калп маалыматтар менен комплекстүү күрөшүү: фактчекинг, коомдук тармактарга мониторинг, МЕТА менен кызматташуу, кастык тилге талдоо жүргүзүү тууралуу да айтты.

#СилаГолоса, #ДышиКыргызстан, #КүчЧындыкта деген маалыматтык кампаниялар коомдук жашоодогу маанилүү окуялардан болду.

Интерньюс ИМП уюму менен биргеликте кысымга алынган редакциялар жана журналисттер менен дайым тыгыз байланышта болуп, алардын укуктарын соттордо коргогонго жардамын берип келди.

Ошондой эле ал сөз эркиндигинин абалына мониторинг жүргүзүүнүн жана журналисттердин тилектештигинин маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Каракулова бет ачаарда жаңы Media-K долбоорунун 2027-жылга чейинки максаттарын атап кетти:

  1. Инновациялык контенттин өндүрүлүшүн көбөйтүү.
  2. Жергиликтүү медиаэкспертизаны өнүктүрүү.
  3. Жергиликтүү ЖМКлардын иштөө шартын жана медиаменеджментти жакшыртуу.
  4. Туура эмес маалыматтарга каршы туруу.
 

Презентацияны толугу менен төмөндөгү шилтеме боюнча көрсө болот:

     

2022-2027-жылдарга Медиа-К долбоорунун презентация

Бөлүшүү