«Чек аралык журналистика» боюнча программасы өтүнмөлөрдү кабыл алат

«Перспективы» программасы Robert Bosch Stiftung, Fritt Ord Foundation и Thomson Reuters Foundation тарабынан колдоого алынган кезектеги мезгилдүү «Чек аралык журналистика» боюнча насаатчылык долбоорун өткөрүүдө. Анын алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналисттер үчүн, долбоорлордун үстүндө чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Россиялык блогерлерден тартып, Балтия жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Кавказдык, үч жылдан 20 жылга чейинки тажрыйбасы бар журналисттер, бул программага катышуу үчүн арыз бере алышат.

Тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлердин кесиптик ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү менен, журналисттик долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн, зарыл болгон жол чыгымдарын камсыз кылат.Программа ошондой эле, долбоордун катышуучуларынын жана тарбиячыларынын эки күндүк жолугушуусунун транспортун, тамак-аш, жашаган жери үчүн төлөп берет.

Арызда сунуш кылынган идея журналисттик долбоордо, бир нече өлкөлөр үчүн да маанилүү темага тиешелүү болушу керек.Бул аймактардын кандайдыр бир эл аралык жана аймактык аспектилери менен байланышкан темага арналган биргелешкен же жеке долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгү ачылууда. Мисалы, темалар климаттын өзгөрүүсүнүн таасири менен байланышы бар болушу мүмкүн, ошондой эле, тамак-аш азыктарын ташып келүү жана ташып чыгуу, ММК , жарандык коомдун көйгөйлөрү ж.б.

Программанын иштөө тили – орусча.

Арыздар 2017-жылдын 1-октябрына чейин кабыл алынат.

Кененирээк маалыматты орус тилинде бул жерден таба аласыз.

Бөлүшүү