Прагадагы жарандык борбордун такшалмалар колдонмосу

Азыр Прагадагы жарандык борбору такшалмалар колдонмосуна катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алып жатат. Ал активисттер, илимпоздор же талдоо борборлордун адистер жана изилдөөчүлөр, мамлекет мекемелерден түпкү максат жана усулдарды иштетүүчүлөр, коомдук ишкерлер жана журналисттер үчүн тажрыйба жана билим табып, жаңы адамдар менен таанышуу мүмкүнчүлүк бар.

Такшалма Бобордук же Чыгыш Европада жайгашкан уюмдар же мекемелердин биринде өткөрүүсү зарыл. Прагадагы жарандык борборуна билдирүү жөнөткөндөн мурда талапкерлер алдын ала кабыл алган уюмду аныктап, ал менен байланышып такшалмага катышуу үчүн уруксат алышы керек.

Такшалмалар колдонмосуна катышуу үчүн билдирмелер Армения, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Туркменистан, Украина жана Узбекистан өлкөлөрүндөгү жарандар беришсе болот.

Катышуучуларды кабыл алган уюмдар Борбордук Европадан, Балтикалык өлкөлөрдөн (Чехия, Венгрия, Польша, Словакия, Эстония, Латвия жана Литва) жана үстүдө белгиленген мамлекеттерден болгону мүмкүн.

Такшалма адатынча бир же эки ай созулат.

Катышуучулар 3000 евродон баштап 4000 евро суммадагы грантты алуу үчүн табыштама беришсе болот. Гранттын бир бөлүгү (1000 евро) кабыл алган уюмга берилет, жана стажерлор үчүн жетекчини дайындоо үчун каржыланат. Калган акчалар болсо (так суммасы такшалманын узактыгынан билинет) катышуучулар үчүн үй-жай, тамак-аш, жол кире, телефон жана коомдук транспорт менен камсыздоо үчүн сарпталат.

Билдирменин ичинде катышуучулар такшалмасынын болжолдуу бюджетин сунуштап берүүсү керек. Сунушталган бюджеттин суммасы тууралуу кабыл алган уюм, өзү борбор жана стажер арасында талкуу өтөт.

Азыркы учурда борбор 2017 жылдын тогуздун айы - бештин айы (октябрь – декабрь) же 2018 жылдын бирдин айы – чын куран айы (февраль - апрель) убактарында өтүүчү такшалмаларга билдирмелерди кабыл алып жатат.

Толук маалымат жана билдирме бул жерде ( орус тилинде).

Прагадагы жарандык борбору Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы көз карандысыз коомдук уюмдарга гранттарды берүү, билим берүүчү семинарларды өткөрүү, технология жана жаңычылдар тууралуу семинарларды өткөрүү, изилдөөлөр, алмашуу колдонмолор жана үйрөтүүчү колдонмолор аркылуу колдоо көрсөтүп турат.

Борбор адамдардын укуктарын жана табиятты коргоочу уюмдар, активисттер, көз карандысыз юристтер жана жактоочулар, изилдөөчүлөр, журналисттер, блогерлер, сүрөтчүлөр, документалист жана башка ачык коом жана адам укуктарынын жана эркиндигин колдогону үчүн аракет жасаган креативдүү адистер менен бирге иштейт.  

 
Бөлүшүү