T-Media.kg-нын Оштогу аткаминерлердин кыянаттык кылуусу туурасында иликтөөсү

12 января 21
 

Иликтөөлөр менен алектенүүнүн эртеси да, кечи да болбос. Экинчи ырастоону T-Media.kg журналисттери жакшы далилдеп бере алышты. Алардын материалы түштүк каалабыздагы мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин ишиндеги бузуулары туурасында.

 

Иликтөөнүн баштапкы окуясы бизди 2010-жылдагы коогалаңдан кийин шаардыктар өздөрүнүн ураган үйлөрүнүн ордуна мамлекеттен жаңы турак алган учурга кайрыйт. Ош шаарынын тургундарынын муниципалдык менчикке берген жер участокторунун тагдыры кандай болду экен?

 

Иликтөөчүлөр участоктордун көбү аукцион өткөрүлбөстөн, базар баасынан төмөн сатылып кеткендигин ачыкташты. Натыйжада шаар казынасы 19 миллион сом чыгым тартты.

 

Оштогу аткаминерлердин иш-аракеттери жана шалаакылыгы бул ачыкка чыккандарынан дагы көп.

 

Кененирээк «Т-Медианын» иликтөө командасынын материалынан (кыргыз тилинде) окуңуздар.  Бул  иликтөө  журналистиканы өнүктүрүү боюнча TRACK добоордун алкагында даярдаган.

 

Иликтөөнүн ошондой эле видеоверсиясы жеткиликтүү.

 

«Жергиликтүү чиновниктердин аракетсиздигинен улам». Ош шаардык казынасына 19 миллион сом түшпөй калды

Бөлүшүү