ЖМК жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору боюнча блогерлер үчүн маалыматтык сессияга катталгыла

 

Кыргызстандагы Интерньюс уюму Медиа Полиси Институту менен биргеликте блогерлердин жана инфлюэнсерлердин ишмердүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн президенттин администрациясы ЖМК жөнүндө мыйзамга сунуштап жаткан беренелер боюнча маалыматтык сессияны өткөрөт.

 

Сунушталып жаткан беренелердин бири боюнча, 5 миңден ашык жазылуучулары бар блогерлер ЖМК катары катталмакчы.

 

Медиа Полиси Институтунун юристтери сунушталып жаткан жөнгө салунун механизмдери тууралуу кененирээк айтып берип, талдоонун жыйынтыктары менен тааныштырышат.

 

ЖМК жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу кененирээк бул жерден окуй алаласыздар:

 

Спикер: Алтынай Исаева – «Медиа Полиси Институту» коомдук фондусунун сегиз жылдык тажрыйбасы бар юристи.

 

Медиа жаатындагы мыйзамчылык боюнча адистешет, студенттер менен журналисттерге медиукук боюнча лекцияларды окуп, аларды соттордо коргоп келет. Адвокаттардын командасынын катарында 2017-жылы мурдагы мамлекет башчынын доо арызы боюнча соттук териштирүүлөрдө медианын кызыкчылыктарын коргогон.

Кийин ушул кейстер боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууну даярдоого катышкан.

   

Маалыматтык сессия жума күнү, 27-январда 14:30дан 17:00гө чейин Кыргызстандагы Интерньюстун төмөнкү даректеги кеңседе өтөт: Ибраимов көч., 115/1, «Асыл-Таш» бизнес-борбору, 11-кабат, кирүү Гоголь көчөсү тарабынан.

Катталуу формасы

Орундар чектелүү. Бош орундар бүтөөрү менен катталуу токтойт.

 

Маалыматтык сессияга байланыштуу бардык суроолор менен Кыргызстандагы Интерньюстун программалык координатору Исмаил Карыповго [email protected] почтасы аркылуу кайрылгыла.

Бөлүшүү