«Умтулуу-2021» сынагы боюнча маалыматтык жолугушууга катталыңыздар

Кыргызстандагы Интерньюс эске салат: кесипкөй журналистика жаатындагы «Умтулуу-2021»  улуттук сынагына арыз берүүнүн аяккы мөөнөтү 2021-жылдын 30-июнуна чейин узартылды.

 

 

3-майда маалыматтык сессия өтмөкчү, мында оргкомитет менен калыстар тобунун мүчөлөрү иштерин тапшырууну каалаган авторлордун бардык суроолоруна жооп беришет. 

 

Сынак туурасында толугураак бул жерден таба аласыздар.

     

Маалыматтык сессияга катышуу үчүн

бул шилтеме боюнча

30-апрель саат 15.00гө чейин катталуу керек.

 

Чакырууну сиздер арызда көрсөтүлгөн электрондук почта дареги боюнча аласыздар.

 

 

Жолугушуу 3-май күнү саат 11.00дө Zoom платформасында өтөт.

  

Бардык суроолор боюнча «Умтулуу»  сынагынын оргкомитет өкүлү Элима Жапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.

 

 
Бөлүшүү