“Тасманын идеясын кантип табуу жана жазуу керек?” онлайн-сессиясына катталыңыз

КРдагы Интерньюс режиссёрлор, сценаристтер, продюсерлер жана журналисттер үчүн “Тасманын идеясын кантип табуу жана жазуу керек?” деген темада онлайн-сессия өткөрөт.

 

Вебинар 8-апрелде саат 12.00дөн 14.00гө чейин өтөт,

кыргызчага синхрондуу которулуу менен орус тилинде өткөрүлөт.

Эгерде жазууну абдан каалап, бирок азырынча башыңызга идеялар келбей жатса, капаланбаңыз. Идеяны көптөгөн булактардан алууга болот. Тексттин өзөгүндө (сценарийдин) өзүңүз баштан өткөргөн, сиз уккан же өз көзүңүз менен көргөн окуялар, тарыхый окуялар, башка авторлордун чыгармаларынын мазмуну болушу мүмкүн. Ошентип, акырында – ЧЫНЫГЫ ЭЛЕСТЕТҮҮ.

Идеяны издөө, аны сценарийдин болжолдуу тексти катары тариздөөнүн бардык варианттары каралат.

ӨЗГӨЧӨ ИДЕЯга, анын тема жана жанр менен байланышына өзүнчө токтолобуз. Ошондой эле КААРМАНДЫ издөө жана анын драматизмге толгон жашоосун толук чагылдыруу ыкмалары сунушталат.

 

Тренер – Юрий Бурцев. “Арка” Жогорку кино мектебинин окутуучусу, Россиядагы Frontline Club долбоорунун жетекчилеринин бири. Продюсер, сценарист, “Монтаждын теориясы жана практикасы”, “Кино семиотикасы”, “Сценардык чеберчилик”, “Документалдуу фильмди иштеп чыгуу”, “Ток-шоуларды иштеп чыгуу” ж.б. окутуучу курстарда сабак өтүүнүн зор тажрыйбасына ээ медиаэксперт.

 

           

Онлайн-сессияга катышуунун шарттары

Онлайн-сессияга катышууга кыргызстандык продюсерлер жана сценаристтер өтүнмө таштай алышат.

Тренингдин катышуучулары өтүнмөлөр сынагынын негизинде аныкталат.

 

Конкурска төмөндөгү шилтеме аркылуу 5-апрель саат 18.00гө чейин катталган учурда, катышууга болот:

каттоо бул жерде
 

Иш чарага түшүндүрмө берилген чакыруу өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук дарекке 6-7-апрелде келет.

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун Тренинг жана контент өндүрүү боюнча борборунун координатору Элима Жапаровага [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.

Бөлүшүү