22 Август күнү Бишкек шаарынын Биринчи- май районундук соту "Сентябрь" телеканалын жабуу чечимин чыгарды.

“24.kg” маалымат агенттиги билдиргендей , "Cентябрь" ТРКнын соттук угуусун алып барган сот – Жылдыз Жумабаева , угууну , соттолуучу жана анын жактоочусу жок өткөрдү.

Сентябрь телеканалынын өкүлү Кайыргүл Урумканованын айтымында , -ТРКнын жетекчилигин эч түшүндүрмөсүз эле , шашылыш негизинде сотко чакырылды.

Башкы прокуратура ката кетирип алган , соттук дооматты  "Cентябрь " телеканалынын Бишкектеги кеңсесине берилген , бирок сөз бир жыл мурун жоюлган Жалал-Абад шаарындагы телеканал жөнүдө болуп жатат.

"Бизге телефон чалып айтышты - бүгүн саат 14:00 , Биринчи –май райондук сотко келгиле , ошол жерден баары түшүнүктүү болот", - деди К.Урумканова.

Ошондой эле ЖМКларда , сот  "Сентябрь" телеканалынын интернет-сайты дагы тыюуга салынды.

Медия полиси институттунун юристтери таң калуу менен арыз билдиршти : соттун чечими кайсы жана кандай нормалар менен чыгарылды ? Алардын айтымында , сот, "Сентябрь " телеканалынын чечимине болгон суроолорго, жооп берген жок.

Телеканал соттун биринчи баскычындагы өкүмүн 30 күн ичинде кайтара алат.

Бөлүшүү