Журналисттерди коргоо комитетинин санариптик коопсуздук боюнча практикалык кеңештер жыйнагы

 

Журналисттер канткенде санариптик коопсуздугун камсыздап, өздөрүн, өздөрүнүн маалымат булактарын жана жеке маалыматтарын ойдогудай коргой алышат?

 

Журналисттерди коргоо комитетинин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу командасы (CPJ) түшүнүүгө жана эстеп калууга жеңил болгон чакан алты баяндамадан турган жеткиликтүү форматтагы жыйнакты түздү.

 

Ар бир баяндама журналисттерге фишинг (колдонуучунун логини, сыр сөзү (пароль) сыяктуу купуя маалыматтарын уурдоону көздөгөн интернет алдамчылыктын бир түрү) сыяктуу санариптик коркунучту түшүнө билүүгө жардам берген практикалык кеңештен жана чекти бузуп өтүүнүн конкреттүү сценарийи үчүн кеңештен турат.

 

Биз бардык журналисттер үчүн коопсуздук боюнча негизги кеңештерди жарыялайбыз.

 

 

Сиздин аккаунтуңузду коргоо үчүн:

 

  • Сиздин бардык аккаунттарыңыз үчүн өзгөчөлүү татаал сыр сөздөрдү түзүү үчүн пароль менеджерин пайдаланыңыз. Сыр сөздөрдү кайталоого жана Facebook, Google ж.б. кызматтарды башка сайттарга кирүү үчүн пайдаланууга болбойт;

 

  • Сыр сөзгө (пароль) толуктоо иретинде сиздин бардык аккаунттарыңыздын кошумча коопсуздугу үчүн кош факторлуу далилдөөнү (2FA) ишке киргизиңиз. Чебер хакерлерден (маалымат чүйрөсүндө мыйзамсыз иштерди жасаган адам) коргонуу үчүн Yubikey сыяктуу коопсуздук ачкычын пайдалануу сунушталат;

 

  • Сиздин социалдык тармактардагы аккаунттарыңыздагы купуялуулукту төп келтирүүнү (настройка) текшериңиз. Сиз тууралуу кайсы маалымат жалпыга жеткиликтүү экенине көз салыңыз, аны жаап коюңуз же сиздин керт башыңызга жана персоналдык маалыматтарыңызга байланыштуу маалыматтардын баарын, мисалы, телефонуңуздун номуру же туулган күнүңүз сыяктуу маалыматтарды өчүрүңүз; 
  •  
  • зыяндуу ПКны (программалык камсыздоо) орнотуу үчүн алдоо жолу менен маалыматты билип алууга же сизди шилтеме менен барууга же аны ачууга мажбурлаган электрондук дарек боюнча, социалдык тармактардан жиберилген персоналдаштырылган билдирүүлөр, билдирүүлөрдү жиберүүчү тиркемелер же  SMS  түрүндөгү максаттуу фишингдик чабуулдан этиет болуңуз; 
  •  
  • өзүңүздүн аккаунтуңуздагы шек жараткан иш-аракеттерди үзгүлтүксүз карап туруңуз. Интернет-кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлери, эреже катары, системага кирүү ишке ашырылган ар кандай шаймандардын жана сиздин аккаунтуңузга кирүүгө мүмкүндүгү бар башка тиркемелердин тизмесинин жайгашуу ордун карап чыгууга мүмкүндүк берет. Эгер шектүү нерсени байкап калсаңыз, анда системадан чыгыңыз жана пароль-сыр сөздү алмаштырыңыз.

 

 

Сиздин шайманды коргоо үчүн:

 

  • өзүңүздүн шайманды PIN-коддун жардамы менен блоктоңуз. Сиздин идентификацияланган жеке номуруңуз же сыр сөзүңүз канчалык татаал болсо, аны бузуп кирүү ошончолук кыйынга турат;

 

  • шайманды, мисалы, коомдук жайларда кубаттандырып алуу үчүн кароосуз калтырбаңыз;

 

  • сизге башка бирөөлөр сунуштаган кубаттандыруучу шаймандарды же USB-топтогучту пайдаланбаңыз, анткени аларда зыяндуу ПК болушу мүмкүн;
  • программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңылап туруңуз. Сиз орноткон соңку программалык камсыздоо сизди зыяндуу жана шпиондук программалардан мыкты коргоого жардам берет. Коопсуздуктун соңку функцияларынын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу үчүн, иштеп чыгарылары менен, автоматтык түрдөгү жаңыртууларды ишке салыңыз же орнотуңуз.
  • уурдалган же жеткиликтүү болгон учурда сиздин маалыматты коргоо үчүн мүмкүн болгон жердин баарына сиздин шаймандар үчүн дискти толук шифрлөөнү ишке киргизиңиз. Шаймандарды колдонулбаган учурда өчүрүп коюңуз.

 

Коопсуз пикир алышуу үчүн:

 

  • алар менен байланышуудан мурда, маалымат булактары же журналисттер менен пикир алышуунун коопсузураак ыкмалары тууралуу ойлонуңуз;

 

  • сиз пайдаланган байланыш каражаттары тууралуу билиңиз. Аларды ким иштеп чыгарат жана ал компаниялар купуялуулук жана коопсуздук жагынан жакшы кадыр-баркка ээби? Алар сизди же сиздин байланышты тобокелдикке кептебейби?

 

  • компаниялардын сиз тууралуу топтогон метамаалыматтары (пайдаланылган маалыматтар тууралуу субканалдык маалымат) сизди кантип алсыз кыларын түшүнүү. Сиздин кай жерде экениңизди жана ким менен пикир алышып жатканыңызды көрсөткөн метамаалыматтар сиздин жана сиз пикир алышкан адамдардын профилин түзүү үчүн колдонулушу ыктымал;
  •  
  • Дайым ар бир коңгуроо, SMS-билдирүү жана ачылбаган электрондук кат кармалып калышы мүмкүндүгүн эсте тутуңуз. Билдирүү жиберүү үчүн  мүмкүн болушунча Signal сыяктуу коопсуз тиркемелерди пайдаланууга өтүңүз;

 

Интернетти коопсуз пайдалануу үчүн:

 

  • трафигиңизди сиздин интернет-провайдерден, айрыкча сиз Wi-Fiды мейманкана, кафе же аэропорт сыяктуу коомдук жайларда пайдаланган учурда жашыруучу VPN виртуалдык жеке желесин пайдаланыңыз;

 

  • сиздин веб-сайттарга кирүүдөгү купуялуулугуңузду жана коопсуздугуңузду күчөтүү үчүн эксперттер тарабынан иштелип чыккан HTTPS Everywhere же Privacy Badger сыяктуу браузердин кондурмасын (надстройка) орнотуңуз.

 

 

Кенен маалымат алуу үчүн, бул жерден орус тилинде окуй аласыз.

     

Жыйнак французиспан жана англис тилдеринде жеткиликтүү, ал эми текст Creative Commons тарабынан лицензияланган.

 

Журналисттер, уюмдар жана ММКлар текстти лицензиянын шарттарына (CC BY-NC-ND 4.0) ылайык пайдаланып жана жайылта алышат.

 

 
Бөлүшүү