Сериал "2020". "Кундуз" тасмасындагы башкы ролу үчүн "Үмүт" кино сынагынын калыстар тобунун атайын сыйлыгы ыйгарылды

 

Мектеп окуучусу Айбике Жанышбекова Чыңгыз Нарынов койгон "Кундуз" тасмасындагы башкы ролду мыкты аткаргандыгы үчүн калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды.

Сериял Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн  колдоосу менен "2020" кино альманахынын алкагында тартылган.

Сыйлык - электр самокаты,  кубок жана диплом болду, сыйлыкты Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык -Көл форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова тапшырды.

 Видеону бул жактан көрүңүз  здесь

 

 

"Кундуз" тасмасы   2021 -жылдын 20- 25 –сентябрь аралыгында Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн  Жаш кинолорунун  IX форумунун "Үмүт" Улуттук сынагына катышты.

Сынактын эрежесине ылайык, эң мыкты тасма жана мыкты режиссер үчүн сыйлыктар берилет, бирок калыстар тобунун баары жаш талантты баалашып “Атайын сыйлык” тапшырууну туура көрүштү.

 

Айбике чоңдордун түшүнбөстүгү менен күрөшүп, пандемия учурунда коронавирус менен ооруп калган чоң энесинин өмүрүн сактап калган эр жүрөк кыздын образын жараткан.

Төмөндө “2020” долбоору тууралуу кененирээк окуңуз:

«2020» деген («Пандемия мууну») убактылуу аталыштагы сериалды тартуу уланууда

Интерньюс COVID-19 пандемиясы учурундагы кыргызстандыктардын турмушу жөнүндөгү киноальманахтын бет ачарын өткөрдү

   

Бул сериял  USAID каржылаган,  Интерньюс уюмунун Кыргыз Республикасынданы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашкан COVID-19 мезгилинде  байланыш-тобокелчиликтери  LHSS (Local Health System Sustainability Project) долбоорунун алкагында тартылган.

 
Бөлүшүү