Бишкекте “Универсалдуу журналист мектебинде” окутуу өтөт

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкекте 2021-жылдын июлда   мүмкүн онлайн-форматта өтүүчү 10 күндүк “Универсалдуу журналист мектебине” катышууга конкурс жарыялайт.

“Универсалдуу журналист мектеби” – бул кросс-платформалык ММКларда (карамагында Ютуб-каналы, сайттары жана социалдык тармактарда баракчалары бар, жаңылыктарды бир мезгилде ар түрдүү форматта бере алышкан ММКлар) практикалык тажрыйба менен көндүмдөрдү алууга умтулгандар үчүн өтүлүүчү курстук сабактар.

Сабактарды кыргызстандык медиатренерлер кыргыз тилинде өтүшөт, ошондой эле чет өлкөлүк белгилүү медиаэксперттердин мастер-класстары да каралган.

Мектептин программасында:

  • Байланыштын ар түрдүү платформалары жана каналдары үчүн журналисттик контентти түзүүдө билимдер менен көндүмдөрдү пайдалануу:
  • Бир мультимедиялык материалда (басылма) видео, текст, аудио, инфографика жана башка форматтарды айкалыштыра билүү;
  • Максаттуу аудиториянын керектөөсүн түшүнүү;
  • Журналистиканын эл аралык стандарттарын жана этикасын практикада колдонуу;
  • Санариптик жана дене коопсуздугун камсыз кылуу;
  • Журналисттин укуктарын жана милдеттерин сактоо боюнча сабактар каралган.

 

“Универсалдуу журналист мектебине” Кыргызстандын жаш журналисттери жана операторлору, штаттагы кызматкерлер, ошондой эле ММКда иштөөнү жана бир мезгилде ар түрдүү байланыш платформаларында контент жайгаштырууну пландаган фрилансерлер катышуучу боло алышат.

 
Маанилүү!
 
Кыргызстандагы Интерньюс уюму эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу "Универсалдуу журналист мектебин" өткөрүүнү божомолду июль айына жылдырды. Биз өтүнмөлөрдү кабыл алууну уланта беребиз. Тренингти онлайн-форматында өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралууда. Өтө турган датасы жана форматы аныкталары менен өтүнмө жөнөткөндөрдүн баарынын электрондук дарегине билдирүү жөнөтүлөт.
 

Конкурска катышуу үчүн

онлайн-өтүнмөнү (бул жерде)  10-июнда саат 18-00гө чейин толтуруу керек.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА: Аймактардан келген катышуучулардын жашаган жайын жана тамактануу акысын уюштуруучулар камсыздашат. “Универсалдуу журналист мектебине” катышуу баштан-аяк 10 күнгө созулат.

Эгерде Сиз мындай интенсивдүү шарттарда окуй албасаңыз, анда өтүнмөнү толтурбаңыз.

 

Өтүнмөгө сөзсүз тиркөө керек:

- резюме (СV) жана портфолио

- ММК жетекчисинин талапкердин күндүзү окутуп-үйрөтүүчү 10 күндүк программага баштан-аяк катышууга мүмкүнчүлүгү жөнүндө каты (каттын үлгүсү бул жерде).

Тандоонун биринчи этабынан өткөндөр онлайн (zoom) режимдеги аңгемелешүүгө чакырылат.

Тандалып алынган катышуучулар аңгемелешүүнүн убактысы тууралуу өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук дарек аркылуу кат түрүндө кошумча кабарландырылат.

  Мектептин тандалып алынган катышуучуларында смартфон, тыңшоочу аспап (наушники) жана мүмкүн болсо, ноутбук болуусу зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн Тренинг-борбордун координатору Элима Жапаровага ([email protected]) же офис-менеджер Чолпон Мураталиевага [email protected] жана 0 (312) 98-68-80 телефондоруна кайрылыңыздар.

     
Бөлүшүү