COVID19-ду чагылдырууга Интерньюстан шашылыш гранттар

 

Интерньюс COVID19 пандемиясы туурасында кырдаалды өз тилинде баяндаган дүйнө жүзү боюнча жергиликтүү ММКларды колдоо иретинде «Маалымат өмүрлөрдү сактап калат» аттуу ыкчам жооп кайтаруу фондун түздү.

 

Интерньюстун “Маалымат өмүрлөрдү сактап калат” ыкчам жооп кайтаруу фонду 500дөн 5000 чейинки АКШ доллары көлөмүндөгү гранттарга арыздарды кабыл алат.

 

Гранттардын программасы кийинки ишмердүүлүктөрдү колдоого багытталган:

 

- Басма сыяктуу эле, аудио жана видео жана газета, радио, телекөрсөтүү, веб-сайт, социалдык тармактар сыяктуу каалаган платформанын аудиториясына багытталган контентти өндүрүү.

 

- Адамдардын коопсуздугун сактоого багытталган, аларга өздөрү, өз үй-бүлөсү жана жамааты үчүн негиздүү чечимдерди кабыл алууга жардам берген, коронавирус менен байланышкан: илимий иштеп чыгуулар, оору белгилери жана дарылоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы жергиликтүү саясат жана процедуралар, күнүмдүк пайдалуу жаңылыктар жана жергиликтүү коомчулуктун маалыматы ж.у.с. маалыматты түзүү, өндүрүү жана жайылтуу.

 

- Качкындар, жер которгон адамдар, ЛГБТ-жаматтары, майыптар, ВИЧ менен жашаган адамдар, гендердик зомбулуктан жапа чеккендер сыяктуу калктын кыйла аярлуу жана маргиналдыштырылган топторунун керектөөлөрүн эске алууга багытталган, коронавирус менен байланышкан маалыматты түзүү, өндүрүү жана жайылтуу.

 

- Кризис маалында жарандардын пикиринин маанилүүлүгүн күчөтүп, өкмөттөргө жана кызмат көрсөтүүчүлөргө алардын жасаган иши үчүн жоопкерчиликти арткан, COVID19 менен байланышкан: маалымат журналистикасы, техникалык жана экономикалык статистика, саясат жана башкаруу маселелери туурасында басылма жана репортаждарды түзүү, өндүрүү жана жайылтуу.

 

- Санарип коопсуздугу жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларга, ошондой эле коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон тобокелдиктер менен түздөн-түз байланышкан санарип коопсуздук коркунучу же кибер кол салууларга байланышкан материалдарды түзүү, өндүрүү жана жайылтуу.

 

- Контент өндүрүүчүлөрү жана маалымат жеткирүүчүлөрү үчүн окутуу жана насаатчылык.

 

- Маалымат жөнүндө илим, тармактык картография, маалыматтарды визуалдаштыруу/колдонуу жана коронавирус пандемиясы менен байланышкан сапаттуу маалыматты жайылтууга жана ага жетүүгө жол берген башка инновациялык демилгелер.

 

- фактчекинг боюнча демилгелер, ушак-айың жана жалган маалыматты көзөмөлдөгөн же аны менен күрөшкөн иш.

 

- Жаңылыктар бөлүмүнүн коопсуздугун жогорулатууга же репортерлордун алыстан иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн жана COVID19 кырдаалын алыстан чагылдыруусун камсыздоо үчүн керектүү, анын ичинде персоналдын телефондук интернет-карталары, boom микрофондору, онлайн/алыстатылган жазуулар шаймандары, адатта коомдук транспортту колдонуп келген персонал үчүн транспорт, жаңылыктар бөлүмүндөрүндөгү тазалоо чыгымдары ж.у.с. чыгаша материалдардын сатып алуусу.

 

Гранттар бир жолку жана да 30 күндүн ичинде сарпталышы зарыл.

 

Грантты жогоруда сүрөттөлгөн жана сиздин арызда берилген ишти аткарууну улантуу үчүн эң зарыл нерселерге сарптоого болот.

 

Интерньюс бул гранттар жеке коргонуу каражаттарына сарпталбоосун сунуштайт.

 

Грант алуу үчүн толук бюджет жана финансылык отчеттуулукту берүүнүн кажети жок.

 

Интерньюс грантты алгандан тартып 30 күндүн ичинде жогоруда сүрөттөлгөн жана коронавируска байланыштуу аткарылган иш туурасында кыскача (эң көп дегенде бир бет)

маалыматты берүүнү суранат. Сиз байланышкан адамдар туурасында маалыматты, алардын телефон номурларын, сүрөттөрдү, веб-сайттарга шилтемелерди ж.у.с. кошо бериңиз. Кайтарым маалымат үчүн эч кандай формалдуу шаблондор жок.

 

Эгер сиз грант бул сыяктуу иштер менен сизге аудиторияны камтууга жол бергендигин көрсөтө алсаңыз, анда кийинки арыз берүү баскычтарында андан аркы каржылоо үчүн артыкчылыктуу орунга ээ болушуңуз мүмкүн, бирок каржылоонун бул баскычында гранттын берилиши кийинки арыз берүүдө андан аркы каржылоо кепилдигин бербейт.

 

Арызыңызды электрондук түрдө кийинки дарекке берүүңүздү суранабыз: [email protected]

 

Арыз берүүчүлөр арыз берген күндөн тартып бир жуманын ичинде кабарландырылышат.

Сураныч, кийинкилерге көңүл буруңуз:

* Арыз форматынан тышкары берилген арыздар каралбайт.

* Колдонмодо берилген сөз чектөөсүнөн ашкан арыздар каралбайт.

* Кошумча маалымат, жүктөлгөн тиркемеге ээ арыздар каралбайт.

 

Арызды кантип берүү колдонмосу * англис тилинде

Бул жерден жүктөө

Internews_Rapid_Response_Fund_ApplicationForm-only

Арыздарды электрондук түрдө кийинки дарекке берүүңүздү суранабыз: [email protected]

 

 

Толугу менен бул жерде:

internews.org

 

Бөлүшүү