Чыр-чатакты чагылдыруу боюнча тренинг өтөт

22 августа 18

«Клооп Медиа» чыр-чатакты чагылдыруу боюнча тренингге катышууга конкурс жарыялайт.

Ага журналисттер, жарандык активисттер жана блогерлер катыша алат. Окутуу программасы эки жолку 3 күндүк тренингден жана эки жолку 3 аптага созулган практикалык сессия менен менторингден турат. Практикалык иш учурунда катышуучулар тренерлердин жетекчилиги алдында өз материалдарын даярдашат.

Тренинг Кыргызстандагы Интерньюс кеңсеси Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуулук менен тынчтыкка көмөктөшүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Сабактарда катышуучулар өздөрүнүн журналистика тармагындагы билимин жогорулатып, зомбулукка алып барган радикализмдин алдын алууга байланыштуу маселелерди терең изилдей алышат. Тренинг кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлөт.

Иш-чара «Клооп Медианын» Бишкектеги кеңсесинде болот. Аймактардан келген катышуучулардын жол киресин, жашаган жерин жана тамак-ашын уюштуруучулар каржылайт.

Негизги шарт: тренингдин катышуучулары чыр-чатак темасы боюнча эки материал даярдоого милдеттенме алышат.

Тренинг качан болот?

6-8-сентябрь — биринчи үч күндүк тренинг

1-3-октябрь — экинчи үч күндүк тренинг

Ар бир тренингден кийин насаатчылардын жетекчилиги алдында үч аптага созулган практикалык сессия болот.

Билдирмени толтуруп тапшырууда ар бир талапкер көйгөйлүү темалар боюнча буга чейин даярдап чыгарган иштеринин шилтемесин тиркеши керек. Мурдагы материалдарга шилтемеси жок болсо, билдирмеси каралбайт.

Тренинг кандай өтөт?

Тренинг эки баскыч менен өтөт. Окуутунун алгачкы үч күнүндө катышуучулар чыр-чатакты кантип чагылдыруу боюнча кененирээк тааныша алышат. Андан соң бардык катышуучулар чыр-чатак багытындагы материалдарын даярдоого киришишет. Бул материалдарды алар экинчи тренингге чейин даярдап чыгарышы зарыл.

Үч аптадан кийин экинчи баскыч башталат. Ал да өзүнө үч күндүк тренингди камтып, зомбулукка алып барган радикализмди алдын алуу маселелерине, андан тышкары чыр-чатак темаларын чагылдырууда журналисттин жеке коопсуздугуна арналат. Бул тармактагы эксперттер катышуучуларга билим беришет. Экинчи жолу уюштурулган үч күндүк тренинг аяктаары менен катышуучулар зомбулукка алып барган радикализмди алдын алуу темасы боюнча экинчи материалын даярдашат.

Билдирмелер 30-август саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Төмөнкү шилтемеден толтурулушу зарыл:

 

http://ky.kloop.asia/2018/08/16/chyr-chatakty-chagyldyruu-boyuncha-treningge-katyshy-yz/

   
Бөлүшүү