ТРЕНИНГ- СЕМИНАРГА КАШУУ ҮЧҮН СЫНАК

25 января 18

Борбордук Азиядагы Тынчтыкты OрнотууЖана Медиа Технологиялар Мектеби Америка Кошмо Штатынын Бишкектеги элчилигинин Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен «Массалык маалымат каражаттары аркылуу экстремизм жана башка терс көрүнүштөрдүн жайылышын алдын алуу» деген теманын алдында өтүүчү үч күндүк тренинге катышууга журналисттердин арасында сынак жарыялайт.

Тренинг 2018-жылдын 26,- 27-, 28- февралында Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Бардык чыгашалар уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Окутуу программасы учурдагы олутуу көйгөйлөрдү жана журналисттердин актуалдуу муктаждыктарын эске алууу менен түзүлдү.

Тренингдин катышууучулары экстремизм, терроризм жана ага байланышкан маселелерди чагылдыруунун техникалары жана инструменттери жөнүндө маалымат алышат.

Ошондой эле, алар душмандашуу тили жана анын байланыш өзгөчөлүгү медиа чөйрөсүндө радикалдык маанидеги маалыматтын таралышына кандай таасир бере тургандыгы жөнүндө окушат. Андан сырткары, журналисттер жана интернет колдонуучулардын кандай катачылыктары экстремизмдин жайылышына алып келээри тууралуу кабардар болушуп, журналисттик этика жана укуктук коопсуздук боюнча өз билимдерин бекемдешет.

Тренингди бай тажрыйбага ээ эл аралык жана жергиликтүү эксперттер өткөрүшөт.

Тренинге катышуу сынагына Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш курагы 35 жашка чейинки журналисттер жана медиа кызматкерлер чакырылат.

Катышуучулар сынактын негизинде тандалып алынат. Сынактан өткөндөр тренингдин бардык программаларына башынан баштап аягына чейин катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Сынакка катышу үчүн [email protected] электрондук дарегине төмөнкү документтерди жөнөтүү зарыл:

- тренинге катышуу билдирмеси (билдирменин формасын сайттан алсаңыз болотFORMA-ZAYaVKI-NA-UChASTIE-V-TRENINGE_Feb_2018.pdf  

 Forma-Zayavki-kyrgyzcha.pdf 

- резюме(CV)

- паспорт көчүрмөсү.

Баардык талаптарга жооп берген билдирме гана каралат.

Билдирмени берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2018-жылдын 16-февралында 17-00 аяктайт. Forma-Zayavki-kyrgyzcha.pdf 

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген кайрылуулар каралбайт.

Бөлүшүү