Кыргызстандан үч изилдөөчүлүк долбоор The Sigma Awards – 2021 шорт-баракчасына киришти

The Sigma Awards – 2021 сыйлыгына талапкерлердин шорт-баракчасы жарыяланды. Жюри (калыстар тобу) маалыматтык журналистика боюнча кадыр-барктуу эл аралык сынактын финалдык бөлүгүнө катышуу үчүн 141 долбоорду тандап алды.

Үстүбүздөгү жылы kloop.kg маалыматтык сайтынын эки макаласы жана дагы бир  kloop azattyk Bellingcat (Нидерланд) менен OCCRPдин биргелешкен изилдөөсү бул сынактын финалисттеринин тизмесине киришти, финалда мындан сырткары дүйнөлүк ММКлардын жана Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн алдыңкы басылмаларынын эмгектери сунушталган.

 

Финалисттердин арасында:

 

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн» 

Kloopтун Кыргызстандагы фемицид (аялдарды өлтүрүү тууралуу) жөнүндө изилдөөсү

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

   

Анна Капушенко, kloop.kg маалыматтык сайтынын башкы редактору:

 

- Адегенде ишенген жокмун, анткени сенин «Нью-Йорк Таймс», «Вашингтон Пост», “Рейтер” ж.б. басылмалардын журналисттери жазышкан дүйнө жүзү боюнча сунушталган долбоорлор менен атаандаша аларыңа ишенүү кыйын. Бирок,  далилдер биз биерде, өзүбүздүн кичинекей Бишкегибизде финалга өтүүгө татыктуу мыкты долбоорлорду жасай аларыбызды тастыктап турат.

Мен үчүн, дал ушул изилдөөнүн финалга өткөнү абдан маанилүү, анткени биз жыйынтыгында мамлекеттик органдардын ищин өзгөртүүгө тийиш болгон абдан олуттуу теманын үстүндө иштедик. Биз, жалпысынан, үй-бүлөлүк зомбулук шексиз түрдө аялдардын өлтүрүлүшүнө алып келээрин далилдедик. Ошондуктан мамлекеттик органдар өздөрүнүн ишинде, ишке болгон мамилесинде кайсы бир нерселерди өзгөртүп жана мунун баарынын алдын алуулары тийиш.

 

Матрастан Республикасы

 

 

Матраимовдун падышалыгы

 

Azattyk Media радио “Азаттык”, Kloop кыргызча (Кыргызстан), Bellingcat (Нидерланд), Organized Crime and Corruption Reporting Project маалыматттык агенттиктеринин эл аралык журналисттер командасынын Кыргызстандан 700 миллион долларды чыгарып кетти делген бажы империясынын ишмердигин масштабдуу изилдөөлөрү

 

 

Тендердин тетири схемалары. Кыргыз ишкерлери 83 млн сомго атаандаштыкты кантип жасалмалашты?

 “Клооптун” дата-бөлүмү мамлекеттик сатып алууларга бир эле адамдар тарабынан түзүлгөн компаниялар ырааттуу катышарын таап чыгышты. Алар жасалма атаандаштыкты “туурашат” жана тендерлерди күрөшсүз жеңип чыгышат, анткени, соодалашууда башка катышуучулар жок.

Тендердин тетири схемалары. Кыргыз ишкерлери 83 млн сомго атаандаштыкты кантип жасалмалашты?    

 

Sigma Awards сыйлыгы – бул дүйнө жүзү боюнча маалыматтык журналистика чөйрөсүндөгү мыкты басылмалар тандалып алынуучу сынак. Сынак бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү колдоого алуу, ошондой эле дата-журналисттердин глобалдык коомчулугу тууралуу кабардар кылуу үчүн экинчи жолу өткөрүлүүдө.
Бул жылы Sigma Awards сыйлыгы пандемияга (жана мындай долбоорлор жөнүндө эл аралык маалыматтар базасын түзүүгө), ошондой эле саясат, спорт же курчап турган айлана-чөйрө сыяктуу темаларга арналган мыкты журналисттик иштерди сунуштайт.

 

Үстүбүздөгү жылы сынак башталышынан тартып бүткөнгө чейин, анын ичинде жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу да аралыктан өткөрүлөт.

 
Бөлүшүү