"Медиакыздар академиясы” долбоорунун катышуучулары Кыргызстандагы Интерньюс уюму менен таанышты

Интерньюстун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова кыскача баяндама жасап, өлкөнүн аймактарынан келген кыздарга «Медиа-К» долбоорунун негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

«Медиакыздар Академиясы» долбоорунун катышуучулары Потенциалын жогорулатуу программасынын алкагында Интерньюстун Бишкектеги кеңсесине келишти. Алар жергиликтүү ЖМКларда стажировкадан өтүп, ар кандай форматта контент түзүп, өнөктөш редакциялардын жана уюмдардын медиа платформаларында жарыялап тажрыйба топтошууда.  

IDEA CA долбоорунун жетекчиси Айзат Русланова белгилегендей, кыздар 10-майдан 12-майга чейин үч күндүк окуудан өтүп, медиа тармагындагы ийгиликтүү айымдар жана теңсиздик жана дискриминацияга каршы принциптерди жайылткан активисттер менен жолугушат.

Анын айтымында, бул долбоор жаш кыздардын өздүк калыптануусуна жана актуалдуу маселелер боюнча маалымат мейкиндигинде коомдук дискурсту түзүүгө багытталган.

 

Элина Каракулова кыргыз медиа чөйрөсүндөгү негизги тренддер, ЖМКларды жана журналисттерди колдоо, көз карандысыз ЖМКлардын кризистик мезгилде коомчулукту маалымат менен камсыздоодогу кошкон салымы, жаш журналисттер жана блогерлер үчүн программалар, шайлоо учурунда медиасабаттуулук жана жалган маалыматка каршы туруу тууралуу айтып берди.

 

Ал ошондой эле өлкө үчүн иликтөөчү жана дата журналистиканын өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Каракулова ЖМКлардагы жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, соцтармактардагы жеке активдүүлүк жана экокеректөө принциптерин жайылтуу тууралуу кеңири түшүндүрмө берип өттү.

 

Социалдык тармактар ​​боюнча адис Исмаил Карыпов башка бирөөнүн контентин репост кылуудан мурун критикалык ой жүгүртүү жана фактыларды текшерүү маанилүү экенин белгиледи.

  Ал кыздарды оригиналдуу материалдарды чыгарууга жана ушак-айыңдарга, фейктерге көңүл бурбай, социалдык тармактарда таза жана сапаттуу контентти жайылтууга үндөдү. Карыпов маалыматтарды манипуляциялоо, дезинформациялоо жана бир жактуу берүү кантип пайда болоорун жеткиликтүү түшүндүрүп берди.     фото internews.kg  
Бөлүшүү