Бишкекте медиа тармагынын заманбап тренддерин талкуулап өтүштү

“Дүйнөлүк жаңжал жана кырсыктар. Коммуникация менен маданият чечим жолдору катары.” конференциясы АУЦАда баш оона айынын 2 баштап 6 чейин өтөт.

Конференцияны уюштурган Дүйнөлүк Коммуникация Ассоциациясы (WCA) Борбор Азиядагы Америкалык Университеттин массалык коммуникация жана журналистика департаменттердин негизинде.

Жалпыга Маалымдоо Каражаттарында коммуникацияга, журналистикага жана изилдөөлөргө арналган ушунчалык чоң масштабдагы академиялык иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу өтүп жатат.

Дүйнөлүк Коммуникация Ассоциациясы – бул коммуникация тармагындагы изилдөөлөр боюнча экинчи эң чоң уюм. Анын президенти доктор Сон-Ги Бэк(Seon-Gi Baek) болот, Сунгюнкван Университетинин(Түштүк Кореянын илгерки жана алгачкы ЖОЖу) журналистика жана коммуникациялык изилдөөлөр факультетинин деканы.

Ал ушуларга сыяктуу конференциялар дүйнөлүк максаттардын четтериндеги коммуникация жана журналистика менен байланышкан маселелерди талкуу максаты менен эки жылда бир жолу өткөнүн белгилеп кетти.

Бүгүн ушул Бишкек шаарында чогулган себебибиз бул дүйнөлүк жаңжал жана кырсыктардын маселесин чечүүсүндө медианын ролүн талкуулап кетүү. Беш күндүн ичинде биз изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыктары жана так сунуштар менен чыгып сүйлөдүк. Биздин конференциябыз дүйнөлүк маселелерин чечүүсүнө жана ЖМК өнүгүүсүнө өз пайдалуу салымын кошушуна үмүттөнөмүн, - деп Сон-Ги Бэк айтып кетти.

Конференцияда теориялар жана коммуникация тармагындагы адис, Жаңы Зеландиядагы Массей Университетинин (Massey University) профессору доктор Стивен Краучер (Stephen M Croucher) катышат.

Ал коомдук тармактагы тренддер жөнүндө маалымдап кетти:

Бүгүнкү заманда медиада чоң өзгөрүүлөр өтүп жатат. Бир нече жылдар мурун коомдук тармак бул жаштар гана иштеткен бир нерсеге окшошкон. Бирок азыркы заманда саясатчылар да коомдук тармактарды колдонууга мажбур, өздөрүнүн Facebook жана Twiiter баракчаларын ачып, добуш берүүчүлөр жана жарандар менен байланышуу үчүн.

Азыркы заманда жалпы элдерге таасирдүү болгон бул ТБ, гезиттер же журналдар эмес, бирок коомдук тармакта канча досторуң ,жазылуучуларың жана лайктарың бар болгону. Ошондон бүгүнкү күндө медиада керектүү өзгөрүлөр өтүп жатат, анткени гезиттик редакциялар өздөрүнүн чыгармаларын болушунча тез арада “твиттөөсү” керек.

Бөлүшүү